Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:36

14:51 Р.Аттокуров: Москвада кыргызстандыктардын чоң маданий борбору курулганы жатат


Кыргызстандын Орусиядагы жаңы элчиси Раимкул Аттокуров “Азаттыкка” билдиргенине караганда, жакынкы мезгилдерде Москвада Кыргыз маданий борборунун курулушу башталат. Бул үчүн Орусиянын өкмөтү тарабынан Москванын “Бирюлево” кичи өрөөнүнөн 0,6 гектар жер бөлүнүп берилди. Бул жерде чоң бизнес-борбордун курулушу каралууда. Анын ичинде ар-түрдүү маданий иш-чараларды өткөрүүгө ылайыкташтырылган чоң залдар, медициналык борбор, мейманкана, кыргыз элинин улуттук музейи, Курманжан Датканын жана кыргыздын башка атактуу инсандарынын эстеликтери, улуттук ашкана, ошондой эле кыргыз жана орус тилдерин үйрөтүү боюнча жумалык мектеп ачылмакчы, деди элчи Р.Аттокуров. Анын айтымында, учурда келечектеги борбордун имараты боюнча долбоордун документтери боюнча алдын ала сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Раимкул Аттокуров Кыргызстандын Орусиядагы элчиси болуп өткөн жумада дайындалган. (TD)

XS
SM
MD
LG