Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:31

17:19 Баткенде кыргыз-тажик чек арасында жер талаштан чыр тутанды


Баткен облусунун Самаркандек айыл өкмөтү менен Тажикстандын Исфара районуна караштуу Сурх жамааты чектешкен Акбел аймагында жер талаштан улам жаңжал чыгууда. 22-январда Самаркандек айылынын тургундары аталган аймакка чыгып, Акбел аймагын кайтарып берүүнү талап кылышууда. Бирок топтолгон элге жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнөн эч ким барган жок. Баткен райондук акимчилигинен аталган аймак Тажикстанга таандык экенин айтышууда. Ошондой эле буга чейин Самаркандек айылынын тургундарына бул туурасында маалымдалганын, ошого карабастан кыргыз атуулдары кайтарып берүүнү талап кылып жатканын кабарлашты. Баткен районунун акими Дастан Ходжаевтин
«Азаттыка» берген маалыматы боюнча, бул тууралуу кошуна Исфара районунун төрайымы Матлюба Якубова менен телефон аркылуу сүйлошүү жүрүп, мыйзамды кыргыз тарап бузуп жатканы айтылган. (SA)

XS
SM
MD
LG