Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:10

17:21 Президент Курманбек Бакиевдин кайрылуусундагы айрым айтылгандарга ысыккөлдүктөр макул эмес


22-январда Ысыккөл райондук активи өлкө башчысынын 10-январдагы кайрылуусун талкуулап, пенсия мөөнөтүн дагы 3 жылга узартуу сунушун туура эмес деп тапты. Социалдык фонддун башчысы Үсөнбек Акунов пенсияга документтер мурдагыдай эле эркектер 60, аялдар 55 жаштык чек менен даярдалып атканын белгиледи. Социалдык коргоо жана башка мамлекеттик структуралар дагы 63 жаштагы эркек, же болбосо 58 жаштагы аял киши мугалим жана шахтер сыяктуу оор жумуштарда иштей албай турганын мисалдаштырды. Пенсия мөөнөтү узарса, жаштардын жумушсуздугу дагы күчөйт дешти. Ал эми кыймылсыз мүлккө салык киргизүү боюнча президенттин Жогорку Кеңеш менен өкмөткө койгон талабы көпчүлүктөн колдоо тапты. Анткени мындай ыкмадан районго 20 млн. сом каражат чогуларын салык башчысы Нурмат Шамбетов ырастады. (RB)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG