Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:09

17:25 Жалалабат шаарындагы мектептерде окуу бир жумага токтотулду


Шаардын 22 орто мектебиндеги окуу жараяны бир жумага жабылды. Мындай чечимдин кабыл алынышына санитарлык-эпидемия кызматынын көрсөтмөсү менен Билим берүү министрлигинин жана шаардык мэриянын макулдугу себеп болду. Анткени, мектептердеги класстык бөлмөлөрдө суук 10-12 градус болуп турду. Сууктун катуулугунан шаардагы №-9-орто мектептин электр жылыткычтары тоңуп, иштебей калды. Окуу 28-январда улантыла турган болду. Кыш күндөрүндөгү окуу үзгүлтүгү жайкы каникулдун эсебинен толукталат. Мындай маалымат шаардык билим берүү башкармасы Дамира Алимжановадан алынды. Анын айтымында, мектептерде окуу токтогон менен шаардагы балдар бакчалары толук иштеп жатат. (YA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG