Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:05

ӨКМӨТТҮН АЛТЫНГА АРТЫЛГАН ҮМҮТТӨРҮ


Республикалык бюджеттин 86% жалаң керектөөгө жумшалып, экономикалык маселелерди чечүүгө анын 14% гана сарпталат. Бул теңдешсиздикти жоюу амалында өкмөт реалдуу экономиканы өнүктүрүүгө кошулчу салымды эки же андан арбын көбөйтүү максатын алдыга коюуда. Өткөн жылкы инфляциянын кескин көтөрүлүп кетиши, азык-түлүк баасынын, күйүүчү-майлоочу майлардын кымбатташы экономикага жаңыча мамилени талап кылууда. Мындай пикирин Кыргызстандын экономикалык өнүгүү жана соода министри Акылбек Жапаров 22-январдагы маалымат жыйынында билдирди.

Азык-түлүктүн, өзгөчө нандын кымбатташынан өткөн жылы Кыргызстанда инфляция деңгээли 20% ашып, айыл чарбасынын буга чейин айтылып, бирок чечилбей келген проблемаларын ачыкка чыгарып койду. Өкмөт кысталыш кырдаалдан чыгуунун бир аргасы катары алтындан түшчү акчаларды пайдаланууну көздөөдө. Экономикалык өнүгүү жана соода министри Акылбек Жапаров жакынкы үч жылда алтындан табылган кирешелердин эсебинен айыл чарбасына жумшалчу инвестицияны дагы көбөйтүп, өлкөнүн азык-түлүк жагынан, айрыкча нанга муктаждыгын толук канааттандырууга жетишүүгө мүмкүн экенин билдирди.

- 66 336 миңден ашык акциябыз бүгүнкү күндө бар. Ошол активдерди биздин экономикага иштете берсек болот.

Ушул эле алтындан түшчү акчалардын аркасы менен өкмөт дагы бир улуттук долбоордун өтөлүнө чыкмакчы. Иши дурус жүрүп турган кездери 100 миң тоннанын тегерегинде мунай сузуп алган «Кыргызнефтегаз» акционердик коомунун иши кийинки жылдары анча жакшы жүрбөй, эки-үч жылдан бери 60 миң тоннанын айланасынан ары өтө албай отурат.

Кетенчиктеген ишкананы алдыга сүрөш, өлкөнүн күйүүчү-майлоочу майларга муктаждыгынын кыйласын жабыш амалында өкмөт орусиялык «Газпром» компаниясы кен чалгындоо иштерине деп бөлгөн 300 миллион доллар акчага 200 миллион доллар кошуп, алдыдагы үч жылда тармакты жандантуунун аракетине киришкени турганын А.Жапаров атайын белгиледи.

Өткөн жылкы кыргыз өкмөтү менен канадалык компаниянын “Кумтөр” алтын кенинен алынчу пайданы кайрадан бөлүштүрүү тууралуу мунаса келишими мурдагы парламент тарабынан кабыл алынбай, маселе быйылкыга калтырылган. Акылбек Жапаров Кыргызстанда болгон алтын кендердин текши баарынын башын бириктирген өзүнчө бир холдинг түзүү идеясын өкмөт жактырып жатканын кабарлады.

- Программа түзүү оюмду өкмөт колдоду. Жакынкы арада ушуну өкмөттүн токтомуна киргизип жатабыз. Геология мамлекеттик агенттиги, “Кыргызалтын” акционердик коому, биздин министрлик кенедей жер, эки кило алтыны бар жер болсо дагы, айрыкча биздин түштүктө Чаткалда кол менен жууп алып жатышпайбы, ошого чейин биз бүт баарын анализ кылабыз. Баарын бир жерге топтойбуз, ушул алтын дегенге. Башында бир киши, компания тура турган болсо биз баарын сурап алат элек. Биз ушу ыкмага өткөнү жатабыз.

Кыргызстан тоокенчилер ассоциациясынын жетекчиси Орозбек Дүйшеев жаңы идеяны жактырарын, бирок да аны ишке ашыруу кыйынга турарын жашырган жок.

- Биздин мамлекетте таза кишилер иштебей жатат. Эгер таза кишилер иштесе мамлекеттин акциялары сонун эле иштеп жатат.

Ал эми Кыргызстан ишкерлер биримдигинин башчысы Өмүрбек Абдырахманов жаңы холдинг түзүү идеясы негизинен дурус экенин белгилеп, бирок ири алтын кендердин текши баары чет элдик компанияларга берилип кеткенден кийин өкмөт кайсы алтын кендеринин акциясын дүйнөлүк базарга алып чыгат суроосун алдыга жайды.

- “Талдыбулакты” берди. “Жерүйдү” берди. Дагы эмнеси бар? Чоңураактардан башка эчтекеси жок,- дейт Ө.Абдырахманов.

А.Жапаров эгер чет эл компанияларынын иши Кыргызстандын экономикалык кызыкчылыгына туура келбесе ири кендерди өкмөт өзү иштетүүгө аларын белгилеп, жаңы долбоор алдыдагы үч жыл ичинде ишке ашып калышы ыктымалдыгын маалымдады.

XS
SM
MD
LG