Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:46

Аида Касмалиева, Бишкек Ар дүйшөмбү күнү кечинде чыкчу “Азаттык+” телепрограммасынын сонку чыгарылышы кышкы туризмге, спортко жана эс алууга арналды. Дегеле жаштар кышында кантип эс алышат?

Мирлан Токталиев, кабарчы:

Кыш мезгилинде кайсы жерлерде кызыктуу убакыт өткөрсө болот? Эс алуу канча турат? Биз бул суроолорго жооп издеп, Бишкек шаарынын жана анын айлансындагы эс алууга ылайыктуу жайлардын бааларына, шарттарына кызыгып саякатка чыктык.

Саякатыбызды биринчиден шаар ичинен алыс кетпей эле, жаңыдан ачылган өлкөдөгү алгачкы жабык «Белый парус» муз майданына багыт алдык. Бул жай эртең мененки саат 10дон баштап кечки саат 22ге чейин өз кардарларын кабыл алат экен.

Каалоочулардын көптүгүнөн адамдар коньки алыш учун узун катарга туруп калышууда. Конькини 1 саатка алыш үчүн 150 сом, салмактары болсо бирөө 3 киллограмдай экен. Мен дагы эл катары катарга туруп коньки алгыча, инструктор Айбектен кеңеш алдым:

-Биринчиден, конькини үйрөнүш үчүн эмне кылыш керек?.

Айбек: Буга чейин ролик тээп жүрсөңөр, музга чыккандан кийин эч кандай деле кыйынчылыгы жок. Анткени ролик менен коньки бири-бирине окшош.

-Кандай коркунучтар бар, колу бутуңду сындырып алышың мүмкүнбү? .

Айбек: Андай учурлар деле болот. Бирок адам өзү көңүлдөнүп тепсе, жаракат албайт го деп эсептейм.

Инструкторлордун жардамы акысыз экен.

Андан ары тоону көздөй жөнөдүк. Кыргызстанда 10 чакты ири лыжа тебүүгө ылайктуу базалар бар. Алардын шарттары ар кимисиники ар кандай. Мисалы бийиктикке которо турган атайын аппараттар, тамактануу жайлары, медициналык жардам, котедждер жана таштанды урналары бардык эле базаларда толугу менен каралган эмес. Биз саякатыбызды шаардан 35 км алыстыкта жайгашкан “Узун булак” базасынан уланттык. Ал кышкы эс алуу базасынын ээлеринин бири Жумабек мырзага бир нече суроо менен кайрылып кепке тарттык.

-Эс алуучулардын көпчүлүгү лыжа тебишеби же сноуборд тепкени келишеби, биздин байкашыбызча бул жерде пакет, балон, чананы колдонуп жүргөндөр да бар экен? .

Жумабек: Бул жерге 150-200 киши келсе, 50-60 лыжа, сноуборд тебишет. 50-60 киши чана, балон ошол эле клеенканы колдонушат. Калгандары ылдый жакка туруп алып, ала келгенн тамактарын ичишип, телефон менен сүйлөшүп, “мен тоодомун, мен эс алып жүрөм” деп кыйкырышат.

-Лыжанын, деги эле сиздердин эс алуу жайыңарда баалар кандай болду экен? .

Жумабек: Лыжа бир күнгө 150дөн 400 сомго чейин . Атайын тоого чыгара турган аппаратты колдонсоңор 220 сом. Элдер машина дагы жалдашат, аларды женил машина, бусиктер менен камсыз кылабыз.

-Бул жерде пакет, балон менен муз тебишет экен. Адамдар колу-бутун оорутуп алышса, кандай жардамдар көрсөтүлөт? .

Жумабек: Бизде иштеген кишилердин көбү биринчи тез жардамды көрсөтүү үчүн атайын окуудан өтүшкөн. Эгерде жеңил жаракат болсо, ушул эле жерден жардам беребиз, врач керек болсо оорууканга жеткирилет.


Жаннат Токтосунова, алып баруучу: Мирлан, рахмат. Биз эми студиядагы маектерди улантсак. Биздин биринчи коногубуз – Туризм боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары Айбек Молдокадыров.


-Айбек, биздин өлкөдө кышкы эс алуу жана туризмди өнүктүрүү үчүн бардык шарттар бар экенин адистер белгилеп келишет. Бирок бул тармак эмне себептен өнүкпөй жатат? .

Айбек Молдокадыров: Бизде туристтик потенциал бар, тоолор, жаратылыш – мунун баары ойдогудай. Бирок туризм өнүгүшү үчүн буга өлкөнүн жарандары даяр болушу керек. Биздин эң негизги кемчилигибиз – элибиз туримзди өнүктүрүүгө толугу менен даяр эмес. Эл акырындан гана туризм экономиканын приоритеттүү багыты болушу мүмкүн экенин түшүнүп жатат. Мисалы, жакында швед компаниясы Кыргызстанды Санта-Клаустун божомолдуу өлкөсү катары тапты. Ушул брендди өнүктүрүү аркылуу өлкө миллиондогон доллар каражат тапса болот. Бул демилгени айрымдар колдобой жатканы өкүндүрөт.

Дегеле ар бир адам – бул потенциалдуу турист. Турист десе эле чет өлкөлүктөрдү элестетүү туура эмес. Кыргызстанда туризмди өнүктүрүү үчүн көп акча кереги жок. Негизинен, ар бир адам өзү эс алганды үйрөнүшү керек. Маршруткага отуруп алып, жакынкы тоого барып лыжа же чана тээп эс алып келсе болот. Эс алуу деген түшүнүктү өзгөртүш керек. Арак, тамекиден алыс болуп, жаратылышты түшүнүп, сүйө билүүнү үйрөнсөк, сырттан да эл агылып баштайт эле.


-Кышкы туризмге качан инвестициялар тартылып, дүйнөлүк деңгээлдеги эс алуу жайлар курула баштайт? .

Айбек Молдокадыров: Туризм боюнча мамлекеттик агенттик чет өлкөлөргө чыгып, Кыргызстандын жаратылышы тууралуу фильмдерди көрсөтүп, инвестролорду тартууга аракет кылабыз. Кыргызстандын туристтик потенциалына кызыккан чет элдик ишкерлер келгенде жергиликтүү бийлик түшүнбөстүк кылып, аларды кооптондуруп коет. Мисалы, Бишкектин эле тегерек четин алалы. Кышкы базаларды, меймканканаларды курчу жерлер көп. Бирок ал жерлер көбүнчө тааныш-билиш, урук-туугандарга же паракорлук схема менен бөлүштүрүлөт. Чет элдиктер сансыз тендерлерге катышып же пара берип иштегиси келбей, кетип калууда. Жергиликтүү бийлик ошону сезиши керек.


Жаннат Токтосунова: Маегиңиз үчүн чоң рахмат, ал эми биз кезекти бир нече күн мурун көчөдөн сноуборд тууралуу даярдалган интервьюга беребиз.

1968-жылы АКШ тургуну Шерман Поппер өзүнүн кызы Венди үчүн эки лыжаны бириктирип, “Снерферди” ойлоп тапкан эле. 1970-жылы Нью-Йорк шаарынын тургуну Дмитрий Милович азыркы сноубордду ойлоп тапкан.
Кыргызстанда сноуборд качан пайда болгон? Бул тууралуу сноуборд боюнча машыктыруучу Нурлан айтып берет:


Нурлан: Кыргызстанда сноуборд качан пайда болгонун билбейм. Мен өзүм сноубордду 2000-жылдан бери тээп баштагам. Ошондо эле 50 адам тоодо лыжа тээп жүрсө, алардын арасынан 6-7 адам сноуборд да мыкты тээп жүрчү. Жыл сайын сноубордисттердин саны үч эсе көбөйүүдө десем жаңылбайм

-Сноуборд үчүн кандай кар керек. Борпоң же тескерисинче, тапталган карбы? .

Нурлан: Сноуборд үчүн кардын бардык түрлөрү жарай берет. Себеби бул кар тактай лыжанын эле бир түрү. Өзү жыгач, темир, пластик болуп бир нече катмардан турат. Чети темир менен капталган. Сноубордду кайрып, карды кесе турган, тактайды бекемдеткен ушул темир. Сноуборддун ар кандай түрлөрү болот – жумшагы да, катуусу да бар. Тактайды адам тебүү деңгээлине карата тандашы керек.

Сноуборддун баасы анча арзан эмес. Кар тактай чокою менен кошо 500 доллардын тегерегиндеги акча турат. Бирок бир сатып алсаң, сноубордду жылдап тепсе болот.

Эдил Сапарбек уулу, “Талкуу” рубрикасынын алып баруучусу:

Бүгүнкү талкуулана турчу тема: Кыргызстанда кышкы спортту өнүктүрүүнүн кереги барбы? Кышкы спорттун Кыргызстан үчүн мааниси канчалык? Дебатерлор Мидин Тыныбек уулу жана Айбек Токбаев аттуу студенттер болушмакчы. Алгач “Ооба, керек” деген Айбектин позициясын байкасак.

Айбек: Кыргызстан үчүн кышкы спортту өнүктүрүү өтө зарыл. Анткени бизде баардыгы даяр. Кыргызстандын географиялык гана абалын алсак, өлкөбүздүн токсон пайызынын көбүн тоолуу аймак ээлейт. Мисалы, башка өнүккөн мамлекеттерди алып карасаң алар атайын тоо жасап, атайын кар төгүп машыгууларын өткөрөт. А бизге көп эч нерсенин кереги деле жок. Тоого эле чыгыш керек...

Эдил: Айбек, кандай дейсиң биздин, Кыргызстандын шартында көрүнүктүү спортчуларды дярдаса болобу?

Айбек: Болот, себеби кышкы спорт кыргыздын канына сиңген. Тарыхты барактасак, алтынчы эле кылымда кыргыз жигиттери аң ууга чыкканда лыжа колдонуп, тоого чыкканга “тай-туяк” деген темирден жасалган шайман колдонушкан деп айтылып жүргөн жерлери бар.

Мидин: Менимче, Кыргызстанда азыркы экономикалык, финансылык жана дегеле саясий абалын эске алганда, өлкөдө кышкы спортту өнүктүрөбүз деп басым кылуунун кажети жок. Себеп дегенде кышкы спортту өнүктүрүү абдан эле көп каражат талап кылат. Маселен Орусия 2014 – жылы Сочиде кышкы оюндар олимпиадасын өткөрүүгө мүмкүндүк алды. Эми Орусиялыктар муну өткөрүүгө 14 млрд доллар сарптайбыз деп убада кылышты. Ал эми Кыргызстандын бюджети эми араң гана 1,5 млрд доллардан ашып жатат. Ошондой эле өнүккөн айрым батыш өлкөлөрүн алсак, алар бир олимпиадага бир эле спортчуну даярдаш үчүн бир жарым миллион доллар сарпташат. Ал эми Кыргызстан жалпы спорт тармагына эки жарым миллион сом, доллар эмес сом бөлүп берет.

Эдил: Айбек, мына сен Мидин келтирген аргументтерин уктуң. Кыргызстанда экономиканын абалы чабалдык кылууда. Мүмкүн чындап эле Кыргызстанга кышкы спортту өнүктүрүп кереги жоктур...

Айбек: Орустар айткандай: “Москва бир кундө курулган эмес...”. Акырындап жылып отуруп баарына жетсек болот. Эртең эле жер казып, курулуш баштап калыш керек деп айткан жокмун да. Четинен кичинеден болсо да баштай берсек, акыры бир күнү кышкы спорт бутуна туруп калат билинбей. Анын үстүнө жакында эле дүйнөнү дүнк эткен жаңылык тарады, Санта- Клаустун мекени - Кыргызстан деген. Менимче бул да Кыргызстанда кышкы спорттун өнүгүүсүнө кандайдыр бир салымын кошот.


Сурамжылоого катышкан көчөдөгү жаштар “Кыргыздын жери эс алууга эң ыңгайлуу”, “Табиятты сактап, ошол эле убакта сервисти өнүктүрүү керек”,”Кышында үйдө эле эс алам. Кышында тоого чыгып эс алганга шарт жок, баары “кыргызча” , эптеп-септеп” деген жоопторун беришти.
XS
SM
MD
LG