Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:39

ОШТО ДАГЫ ЖЕР ТИТИРӨӨЛӨР БОЛУШУ МҮМКҮН


«Дагы жер титирөө болушу күтүлүүдө» деп билдирген эле Жогорку Кеңеш төрагасы Адахан Мадумаров Ош жергесине сапарында. Муну адистер да ырасташууда. Жергиликтүү тургундар акыркы күндөрү зилзаланын эпкини байкалганын билдиришип, бийлик алдын алуу чараларын көрбөгөндүгүнө тынчсызданышууда.

Карасуу районунун кыйрап калган Тогузбулак айылынын тургуну Каныкей «Түндө дагы жер термелди. Мындай окуялар улам–улам кайталанууда» деп билдирди «Азаттыкка»:

- Палатка жетпегендигинен азыр үйүбүздө жашап атабыз, өтө коркунучтабыз. Жарылган үйдө жашаш өтө кыйын экен. Кайсы күнү дагы жер титирейт, - деди Каныкей.

Ошол себептүү кечээги табигый кырсыктан жабыркаган Карасуунун Бекжар кыштагынын жашоочусу Ташибек Осмонов адистештирилген топту жөнөтүп, зилзалага кабылган аймактарды терең текшертип берүүнү бийликтен катуу суранды.

- Кыйраган, бузулган үйлөр бар. Палаткада жашап атышат, ооруганы ооруп атат, көбү коркуп үйлөрүнө кирбей атат, дагы жер титирейби деп. Эң негизгиси ушул жерди илимий тарапта аныкташ керек болуп атат, - деди Ташибек Осмонов.

Эл тынбай кабатырланып, «Азаттыкка» улам чалышкандыктан, Кыргыз Улуттук илимдер Академиясына караштуу сейсмология институнун директору Канат Абдрахматовду кепке тарттык.

- Маалымат боюнча январь, февраль айында 6-7 баллга чейин жеткен жер титирөө болушу мүмкүн. Ош, Жалалабат аймагынын жарандары ага даяр болуш керек, - деди Канат Абдрахматов.

Жогорку Кеңеш спикери Адахан Мадумаров «дагы жер титирөө болушу ыктымал» деген ойдо. Ошон үчүн өзгөчө кырдаал министрлигинин алдында прогноздоо институтун ачуу зарылчылыгын Өкмөткө сунуш этээрин «Азаттыкка» мындайча маалымдады.

- Төрт жыл какшагам көчкүлө, жер, тоо жарылып атат деп. Сиздер ошону түшүндүрсөңүздөр. Ата-бабадан эч ким бул жерди талашып аткан жок. Бирок эртең Кудай сактасын. 10 млн. сом менен тездетип алдын ала жасай турган ишти, 30 миллионго чыгарып атпайбызбы кыргыздар. Мамлекет толук түрдө өзүнүн мойнуна кепилдигин алып, бир-эки ай изилдеп чыгышат. Андан кийин бул жерге жашоого мүмкүн эмес экен лесе баш ийишиңиздер керек, - дейт Кыргыз парламентинин төрагасы Адахан Мадумаров.

XS
SM
MD
LG