Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:13

ТҮРКМӨНСТАНДА ОПЕРА, БАЛЕТ, ЦИРК ЖАНА ЧЕТ ЭЛДИК КИНОГО УРУКСАТ БЕРИЛДИ


Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухаммедов өзүнөн мурунку журт башчы Сапармурат Ниязовдун айрым аша чаап, элди айран таң калдырган чечимдерин жокко чыгарып келатат. Ошондой эски катаны оңдоо аракетинин соңкусу - Бердымухаммедовдун опера жана балет театрын кайра ачып, цирк, кинотеатрларды калыбына келтирүү чечими болду.

Музыка, ыр, бий аралаш сахнадагы эң эмоционалдуу оюндардын бири - операнын күйөрмандары дүйнөнүн ар тарабында бар экени талашсыз. Бирок, Түркмөнстандын мурдагы президенти Сапармурат Ниязов андай деп ойлогон эмес, ал 2001-жылдын апрель айында опера жана балет – искусствонун түркмөн эли үчүн маани-маңызсыз, жат түрү деп жарыялап, аларга тыюу салган. Опера жана балет театрларына кошумча чет элдик маданият түрү катары цирк менен кинотеатрлар да жабылган. Алардын ордун Сапармурат Ниязовдун өмүр баяны менен ишмердигин даңазалаган узун теле-радиопрограммалар баскан.

2006-жылдын аягында Ниязов кайтыш болуп, анын ордун Бердымухаммедов басканда, коомчулукта эми айрым өзгөрүүлөр болоор деген үмүт жанган. Анысы кандай, эми Бердымухаммедовдун Түркмөнстанда чет элдик маданиятка да орун табылат деп жар салганын коомчулук жакшы кабар катары кабыл алды. Германияда жашаган түркмөн ырчысы Моммак Кулы эми айрым өнөрпоздор Түркмөнстанга кайтып барышы мүмкүн деген пикирде.

- Биз опера, балет, цирктерди жойгон эски чечим алынып салганына абдан кубанычтуубуз. Театрдын мурдагы артисттери кайра кайтып келишин каалар элем. Биздин эл опера-балетти түшүнбөйт деген болбогон сөз. Элге буларды жеткирүү абдан маанилүү иш. Дал ушул көркөм өнөр, маданият аркылуу дүйнө ар бир элди түшүнүп кабыл алат эмеспи.

Бул жаңылык чет өлкөгө кетпей, Түркмөнстанда ырасмий түрдө ишсиз калган белгилүү ырчы жана композитор Акмухаммет Сапаровду да сүйүнүчкө бөлөдү.

- Бардык өнөрпоздордой эле мен ырчы жана композитор катары оңго, солго бурулбай өз ишимди уланта бердим. Элге концерт берип, жаңы ырлар, музыка жаратып, жардамга муктаж башка жаш кесиптештерге көмөктөштүм.

Түркмөнстандан көптөгөн таланттуу өнөрпоздор башка жактарга кетип, сүйүктүү ишин улантууга аргасыз болушкан. Андай адамдардын бири – Ашгабаттык театр режиссеру Какажан Ашыров былтыр Бишкекте бир нече ай жашап, жаңы жыл алдында Токтоболот Абдымомунов атындагы Кыргыз улуттук драма театрында “Чынгызхандын ак булуту” спектаклин койгондон кийин мекенине кайтып кетти. Чыныгы өнөрпоздор өз чыгармачылыгында бир улуттун маданияты менен чектелбей, ар башка өлкөдө жаралган эмгектерди өздөштүрүп, өз талантын өнүктүрүшү зарыл экенин түшүндүбү, айтор, Гурбангулы Бердымухаммедов - ыраматылык устаты кетирген каталарды ушинтип оңдой баштады. Азырынча Түркмөнстанда кинотеатрлар ачылып, аларда чет элдик тасмалар көргөзүлө баштады, цирктин иши жанданып, жакында түркмөн эли сыймыктанган асыл тукумдуу аргымакткар кайрадан өз оюнун тартуулай баштаары күтүлөт. Балким, чет өлкөлөргө башпааналап кеткен опера жана балет артисттери кайра кайтып келе баштайттыр, анда Ашгабаттагы 7 жыл мурда соода борборуна айландырылган театр шашылыш кайра оңдолуп ачылып калышы да ажеп эмес.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     
XS
SM
MD
LG