Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:18

Ушул айдын башталышында Нью-Йоркто москвалык Демократия жана кызматташтык институту каттоодон өттү. Былтыр ноябрда түзүлгөн бул борбор Парижде да өз бөлүмүн ачканга үлгүрдү. Эми ал акырындап Батыштагы башка өлкөлөрдө пайда болушу мүмкүн. Байкоочулардын көбү муну Россиянын азыркы саясий системасын дамамат сынга алып келаткан Батыш өлкөлөрүнө Москванын жарандык чөйрөдө жооп кайтарган кадамы дешет.

Демократия жана кызматташтык институтун түзүү идеясын президент Путин былтыр августта көтөрүп, он беш чакты жарандык уюмдар колдоп чыгышкан. Жаңы уюмдун директорлугуна Коомдук палатанын мүчөсү,адвокат Анатолий Кучерена бекитилген.

Кучерена жаңы түзүлгөн бул борбор АКШдагы жана Европадагы адам укуктарынын, жалпы эле демократиянын абалына байкоо жүргүзүп,Батыш өкмөттөрүн конструктивдүү мүнөздө сынга алып турарын билдирди. “Борборду өкмөт каржылабайт, анын бардык финансылык чыгымын орус бизнесмендери көтөрөт”, - деп айтты ал “Новости” маалымат агенттигинде. Бирок Кучерена соопкер андай орус олигархтарынын аты-жөнүн атагандан баш тартты.

Россия былтыртан тартып өлкөдөгү жарандык коом уюмдарын Кремлдин көзөмөлүндө иштеген компаниялар менен фирмалар, ошондой эле Коомдук палата аркылуу каржылоого өттү. Чет элдик гранттар кескин кыскартылды. Батыштан алынган гранттардын көлөмү мурдагы жылы 80 миллион долларга барабар болсо, былтыр 20 миллион долларга араң жетти. Хельсинки тобунун Москвадагы бөлүмүнүн жетекчиси Людмила Алексееванын айтымында, мунун айынан Россиянын аймактарында жүздөн ашуун жарандык коом уюмдары жабылды.

Мындан тышкары Кремл Россияда иштеген чет элдик уюмдарды да кысмакка ала баштады. Маданий чөйрөдө иш жүргүзүп келаткан Британ кеңешинин эки бөлүмүн салык жана башка мыйзамдарды бузганы үчүн айыптап, алардын кеңселерин жабууну талап кылды. Америкалык уюмдардын,алардын ичинде Freedom Houseтун докладдарын калыстыгы жок, Россияны жаманатты кылууну гана көздөгөн аракеттер катары сынга алды. Бул пикирге Кучерена да кошулуп,ал жетектеген уюм Батыш өлкөлөрүндөгү абалга обективдүү баа бере турганына ишендирди. Батышта баары эле мыкты эместигин, АКШнын өзүндө деле адам укуктары, демократия чөйрөсүндө проблемалар бар экенин белгилеп, буга далил катары америкалыктардын көп баскычтуу шайлоо системасын, полициянын орой аракеттерин, айрым штаттарда өлүм жазасы ушу кезге чейин алына электигин жана башка көрүнүштөрдү атады.

Москва көптөн бери эле чет элдик уюмдардын артында чалгындоо уюмдары турганын, Россиядагы, жалпы эле экс-совет аймагындагы жарандык коом бирикмелерин ошолор каржылап ,аларды саясатташтырып, “түстүү ыңкылаптарга” түртөт деп айыптап келатат. Ал эми Россия өзү чет өлкөлөрдө ача баштаган Демократия жана кызматташтык уюмунун артында орустардын чалгындоо органдары турбайбы? – деген соболго, арийне, Кучерена терс жооп берет.

Дегеле башкаларга,айрыкча Батыштагыларга адам укуктары,демократия чөйрөсүндө кеп-кеңеш айткыдай Россияда эркиндик ошончолук эле баралына жетип, бакубат болуп калганбы?

Россиялык укук коргоочу Виталий Пономарев,тескерисинче,Путиндин бийлиги учурунда эркиндиктин абалы начарлап кеткенин,бүткүл өлкө боюнча активисттер куугунтукталып, жарандык коом уюмдары жабылып жатканын билдирди. Кечээ бийликтердин демилгеси менен өткөрүлгөн Жарандык форумду Пономарев тек гана көргөзмө үчүн уюштурулуп, активисттерге болочоктогу президентти тааныштырып коюуну көздөгөн жыйын деп баалады.
XS
SM
MD
LG