Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:19

Кечээ Жогорку Кеңеш буга чейин Бишкек шаардык сотунун судьясы болуп иштеген Жаңыл Алиеваны Жогорку Соттун төрайымы кызматына бекитти. Ал эми Абибулла Абдугапаров Конституциялык Соттун мүчөлүгүнө шайланды. Сот төрайымын шайлоонун жүрүшүндө депутаттар арасында кайчы пикирлер да болбой койгон жок.

Жаңыл Алиева Жогорку Соттун төрайымы болуп дайындалуудан мурун парламенттин макулдугу менен соттун мүчөсү болуп шайланды. Бул өз кезегинде коммунисттердин жана социал-демократтардын катуу сынына кабылды. Анткени эрежеге ылайык Жогорку сотко талапкер адам ошол Жогорку соттун мүчөсү катары ант бергенден кийин гана төрага болуп шайлана алат.

Жаңыл Алиеванын буга чейин кандай иштегенин жана ал Ак үйдүн оюндагысын аткарып келген сот болгонун Жогорку кеңештин депутаты Роза Отунбаева сессияда ачык эле катуу сынга алып айтты. Кийин Роза Отунбаева “Азаттыкка” ал пикирин мындайча чечмеледи:

- Өзгөчө Жаныл Алиева боюнча мен оюмду ачык айтып кеттим. Ал Биринчи май райондук сотунда 5 жыл иштеди. Азыр мына шаардык соттун башчысы экен. Биринчи май райондук соту 24-мартка чейин канчалаган саясый чечимдерди чыгарып келди. Канчалаган Акүйдүн буйругун аткарып келди. Элдин бары Акаевдин системасына каршы чыгып атканда Акаевдин сөзүнөн чыкпай келди, эми азыр болсо Бакиевдин айтканын актарып келатат.

Роза Отунбаева ошондой эле сот системасы учурда олуттуу реформага муктаж экенин, Жаңыл Алиева аял киши, үч баланын энеси экен деп, элге таза иштеп берет го деген үмүт менен анын талапкердигин Социал-демократтар фракциясы колдоп бергенин кошумчалады.

Жогорку Соттун төрайымы болгон Жаңыл Алиева жана Конституциялык соттун мүчөлүгүнө көрсөтүлгөн Абибулла Абдугапаров тууралуу пикирин “Азатыкка” белгилүү коомдук ишмер, парламенттин экс-спикери Мукар Чолпонбаев да билдирди. Ал бул кызматка бекиген эки адам тең президент К. Бакиевге жакын экенин, ошол себептен соттор эми өз алдынча чечим кабыл алышы кыйынга турарын белгиледи:

- Президентке жакын адамдардын дайындалышы президент жеке бийлигин бекемдетуу аракетин көрүп жаткандыгынын белгиси. Бийликке жашоо керек да. Шайлоодо деле бийлик өзүнүн кишилерин коюп жатат, сотко эми күн өткөн сайын элдин ишеними азайып баратат.

Анткен менен.парламент депутаттарынын басымдуу көпчүлүгү президент сунуштаган соттордун бул тармакта бай тажрыбасына таянышып, толугу менен колдоп беришти. Жогорку Кеңештеги “Ак жол” партиясынын депутаты Жангороз Каниметов ысымдары аталган эки адам калыс, акыйкатты издеген, турмуштук мол тажрыйбасы бар адамдар катары белгилүү экенин айтты. Ал мындай адамдар адилет иштеп берет деген көз карашта:

- Мен буларды жакын билбесем да, акыйкат иштеген, калыс экенин эл оозунан угуп жүрөм. Жооптуу кызматка татыктуу адамдар келди, айрыкча Жогорку соттун төрайымыдыгына адилеттикти сезген адам келди деп ойлом.

Белгилей кетчү жагдай, Жаңыл Алиева сот тармагында 23 жыл иштеген. Бишкек шаардык сотун жетектеп турганга чейин Биринчи май райондук сотунун судьясы болгон. Ошондой эле ал Президент алдындагы соттук-укуктук маселелер боюнча Улуттук Кеңешти жетектеп келген.
XS
SM
MD
LG