Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:08

Америкалык киноакадемиянын “Оскар” сыйлыгынын талапкерлери аталды


“Жылдын мыкты тасмасы” деген наамга Даниял Дей-Люис башкы ролду ойногон "Кан да болот" аттуу тасма жана ага-ини Жел жана Эсан Коендин "Абышкада мекен жок" деген триллери сунушталды. “Жылдын мыкты актеру” деген наамга “Майкл Клейтон” аттуу тасмада башкы ролду ойногон Жорж Клуни жана “Свинни Тод” мюзиклинде ойногон Жонни Деп көрсөтүлдү. Калифорнияда Беверли Хиллзде сүйлөгөн сөзүндө, Оскар сыйлыгынын ээси Кэтти Бейтс буларды айтты:
Оскар сыйлыгынын 2007-жылдагы “Мыкты тасма” деген наамдын лауреаттары тандалды. “Алар режиссерлор Тим Бевин, Эрик Феллнер жана Пол Вебстердин “Күнөөдөн арылуу”, Лайан Халфон, Мейсин Новик жана Рассел Смиттин “Юнона”, Сидни Полактын “Майкл Клейтон”, Скотт Рудиндин “Абышкада мекен жок” тасмасы жана Жоан Селлардын “Кан да болот” тасмасы.

Ал эми чет тилиндеги “мыкты кино” деген наамга 5 тасма көрсөтүлдү. Бул тизмеде Казакстандын “Монгол” жана Орусиянын “12” аттуу тасмалары бар. “Оскар” сыйлыгын тапшыруу аземи 24-февралга белгиленген.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG