Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:54

ЭКИ КУЛАК, ТӨРТ АМАЛ


“Милийсалардын министри Ногойбаев эмне себептен учуп түштү?”. Мына ушундай суроолуу тема койгон “Дело№...” гезити окурмандардын алдына 4 амалды алдыга тартты.

1-амал: Өтө чоң кызматтагы мыкчыгердин үйүнө жаңы жылдык белек катары тартууланып, атайын таңгакталып “барган” кесилген кулак менен сөөмөй Ногойбаевдин кызматтан алынышына себеп болушу ыктымал. Эгер ушундай болсо бул окуяга аралашкан милийсалар жоопко тартылышы керек эле. Бирок эксперттердин айтуусунда кулак менен сөөмөй жөн эле шылтоо, анык себеби башкада болгон.

2-амал: Булганч технологиялар аркылуу өткөрүлгөн референдум менен шайлоо бийликтин эл алдындагы абийрин аябай кетирди. Бийлик өзү таянып келген өз элинин таянычынан ажырады. Ошондуктан элдин эми толкуп кетишинен коркуп, алдын ала күч органдарын күчтөп, анын башына жалаң гана жеке өзүнө берилген өз кишилерин коюп жатат деп айтты генерал Мирослав Ниязов. Ал эми жаңы дайындалган министр Молдомуса Коңгантиев президенттин өз кишиси, иниси Жаныш Бакиев менен чогуу иштешкен кесиптеши. Анын үстүнө ал Бишкекте өткөн митингдеги элди кубалап таратуу, укук коргоочуларды, жаштарды, алтургай айрым журналисттерди камакка алуу боюнча өзүнүн бийликке берилгендигин далилдеген.

3-амал: Бакиев мөөнөтсүз президенттик шайлоого даярдык көрүп, ошого байланыштуу бийлигин чыңдаш үчүн жалаң өз кишилерин койгонго өттү, көпчүлүгүн “акжолчулар” түзгөн чөнтөк парламент болсо даяр, айрым саясат иликтөөчүлөрдүн оюнча, президент 2010-жылга дейре күтө турган ниети жоктой, жакында ал элге кайрылып, мөөнөтүн 5 же 7 жылга узартуу жөнүндө сөз сүйлөшү мүмкүн. Азыр убакыт да бийлик тараптын ыңгайында болууда. Оппозиция болсо алсыз, элдин болсо саясаттан көңүлү кирдеп, чарчап турат. Тышкы күчтөргө болсо дал ушул Бакиевдей кишилер керек.

4-амал: Президент Түркмөнбашы ыраматылыктын стратегиясын туурап, мамлекеттик кызматтагылардын баарын илең-салаң абалда кармап турганга өтүп алды. Бирөөн күтүүсүз алып иймей, бирөөн күтүүсүз коюп иймей акыры чиновниктердин жигерин шал кылып таштаары бышык. Алар мындайда өз ара биригип топ түзүп, баш көтөргөнгө да жарабай калат. А мамлекет башчысы үчүн иштеп, так ушундай айла-амалдардын картасын чийип берип аткан саясый технологдор болсо жеп аткан жемин акташы керек. Ал эми Ногойбаев ИИМ алдындагы Академияга начендик болуп дайындалышы мүмкүн дешүүдө. Ошол эле учурда кесилген кулак менен сөөмөйгө катышы бар эки милийса дайынсыз “житип жок болгонун” ички иштер министрлигинин булагынан алдык деп "24кg" маалымат агенттиги билдирди.

Кыргыз оппозициясынын өңү-түсүн көрсөткөн демократтардын жергиликтүү кландардан жана регионалдык топтордон куралган эрендерин эптеп болсо да бийликке жетүү, жетип алган соң байлык чогултуу жана кеткен кегин, өткөн өчүн алмай гана аракеттер кызыктырат. Аларда идеал да, прогресс да жок. Кокус кимдир бирөөсүнө жылуу колтук көргөзсөң энесин сатып жиберет деп жазган “МК Кыргызстан” гезити, маселен Бакиевдин режими менен келишпес күрөшүүчүлөрдүн бири эсептелген Кабай Карабеков эңсеген депутаттык мандатка ээ болору менен оозун ачалбай отурду, кыргыз оппозициясынын баш тамадасы Мелис Эшимкановдун оозуна да кулпу салынды, “бензин королу” Бабанов, экс-премьерлер Атамбаев менен Кулов, генерал Субаналиев бийликти сөккөндүн ордуна өз арбайларын сокконго өтүштү. Бүгүн республикада өлкөнү прогресске алып кетүүгө жөндөмдүү бир дагы партия, бир дагы лидер жок. Мисалы элдешкис оппозицияныны дагы бир мүчөсү Байболовдун саясат майданынан кетиши, көрсө демократияны жоготууга караганда өз байлыгын жоготуу канчалык кымбат экендигин көрсөттү, анын кетиши кыргыз демократиясынын жерге бериле турган табытына кагылган дагы бир мык болду. Ал эми азырынча чындык менен сөз эркиндиги үчүн күрөшүп келаткан прессанын абалы Бишкектин жарылган көчөлөрүн асфальт менен шыбап койгондон да жука деп баяндады.


Шайлообек ДҮЙШЕЕВ
XS
SM
MD
LG