Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:32

12:58 Кыргызстанда мамлекеттик тилди өнүктүрүү маселелерине арналган эларалык жыйын өтөт


Бул тууралуу Президент алдындагы Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын жетекчиси Ташбоо Жумагулов “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында 28-февраль күнү улуттук филармониянын кичи залында “Илимий - практикалык” конференция өтөт. Ага мамлекеттин тилин жана тарыхын изилдеген белгилүү илимий кызматкерлер, мугалимдер, студенттер жана түрктилдүү өлкөлөдүн өкулдөрү да келип катышаары күтүлүүдө. Ал эми анын эртеси президенттин жана өкмөт мүчөлөрүнүн катышуусу менен аталган комиссиянын он жылдык мараакесин өткөрүү пландалууда. “Кыргызстандын келечеги, анын мамлекеттик тилинде. Улуттук комиссия түзүлгөндөн бери он жыл ичинде кыргыз тилин жандандырууга, аны изилдөөгө болгон иш аракетин жумшап келди”, - деп белгилөөдө Ташбоо Жумагулов. (ESu)

XS
SM
MD
LG