Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:16

РАВШАН ЖЭЭНБЕКОВ: БАСЫП АЛУУЧУЛУК БИЙЛИКТИН КАЙРА ӨЗ БАШЫНА ТИЕТ


Алыскы Америка жергесиндеги Массачутес университетинде окуп жаткан кыргызстандык саясатчы, “Ата мекен” партиясынын мүчөсү Равшан Жээнбеков “Азаттыктын” түз ободогу маегинде телефон аркылуу Кыргызстандагы азыркы саясий кырдаал тууралу ой бөлүштү.

- Сырттан туруп караган көз караш менен Кыргызстандагы азыркы саясий кырдаалга кандай баа бере аласыз?

- Мамлекеттин жүргүзгөн ишине сырттан караган бир топ пайдалуу жана башкача көз караш менен караса болот. Биздин мамлекеттеги азыркы жүрүп аткан саясаттын бир жакшы жагы бар, жаман жагы да бар. Жакшы жагы азыркы күндө президент болгон бийликтин баарын өзүнүн колуна топтоп, мамлекетте реформа жасаганга, элибиздин турмушун оңдогонго, мамлекетибизди жакшы жакка өзгөрткөнгө бир топ мүмкүнчүлүктөрдү алды. Мурдагыдай болуп оппозиция, же болбосо кандайдыр бир саясатчылар жолтоо болуп атат деп айтканга мындан кийин биздин президентибиздин моралдык укугу жана акысы жок. Экинчиден, албетте ушунча бийликти топтогондон кийин президентибиз адилеттүү жол менен кетсе туура болот эле. Бирок азыркы күндөгү мамлекеттеги болуп аткан нерселерди көрүп туруп, албетте, бир топ туура эмес нерселерди жасап атканыны айтсак болот. Мисалы, азыркы күндөгү Промстройбанктагы грейдерлик мамлекеттин жасап аткан иши. Оппозициянын лидерлеринин бири Байболовго жасалып аткан иш, анын мүлкүнө каршы мамлекеттик уюмдарды пайдаланып атканы бул сөзсүз түрдө биздин мамлекетибиздин туура эмес жолдо кетип атканын көрсөтүп жатат.

- Сиз талапкер болуп көрсөтүлгөн “Ата мекен” партиясы парламентке кое берилген жок. Азыркы парламенттин иштеп баштаганына бир айга чукулдап калды. Жалаң партиялык тизме менен түзүлгөн, анын ичинен 50 пайыздан ашыгы президенттик “Ак жол” партиясынын мүчөлөрүнөн куралган парламент кандай иш алып барып жатат дейсиз?

- Менин оюмча, бул парламенттин кандай иш алып барып атканын элдин баары эле көрүп турат. Азар бир эле биздин Кыргызстан эмес Орусиядагы ММКлар да жазып атышат. Кыргызстандын парламентинде тарыхта болуп көрбөгөн өзгөрүүлөр болуп атат, керек болсо парламентте депутаттарга сүйлөгөнгө да уруксат берилбей турган болду деп. Мына бул чоң көрсөткүчтөрдүн бири. Экинчи жагынан, мен мурдатан эле ушул идеяны көтөрүп жүрдүм эле, президенттин бүгүнкү күнү бүт бийликти колуна топтоп, парламентти дагы 100 пайыз өзүнүн кишилери менен толуктаганы бул кандайдыр бир деңгээлде жакшы нерсе. Эми президент, парламент, өкмөт бардыгы бир кишиники, эми мамлекетке иштей турганы, элге кызмат кыла турганын далилдесин. Мына эл үчүн дагы чоң көрсөткүч болуп эсептелет.

- Сизге деле маалым болуш керек, акыркы убактарда айрым бир белдүү оппозициячылар саясаттан кеткендигин билдире башташты. Кээ бир байкоочулар бул бийликтин кысымынан кийин болуп жаткандыгын айтып атышат. Сиздин пикириңиз кандай?

- Албетте, мен 100 пайыз ишенимдүү айта алам бул жөнүндө. Айтып кетпедимби, биздеги эң жаман көрсөткүчттөрдүн бири - бүгүнкү күндө биздин бийликтин мамлекеттик уюмдарды, мамлекеттик бийликти оппозицияга каршы, же болбосо мурда оппозицияда жүргөн адамдарга каршы пайдаланып, мамлекеттик грейдерствону өнүктүрүп аткандыгы бул өтө жаман нерсе. Бул бизди жакшы жакка алып бара турган нерсе эмес. Анткени, эртеби-кечпи азыркы туура эмес жасалып аткан нерселер, мамлекеттик грейдерлик сөзсүз түрдө эл тарабынан, болбосо ошол адамдарга каршы иштелип аткан адамдар тарабынан бийликтин өзүнө кайрылып келчү ок болуп эсептелет. Ошон үчүн Байболовдун саясаттан кеткени, же болбосо мурдагы оппозициядагы активдүү депутаттардын бири Муратбек Мукашевге жасалып аткан кысым бул саясаттын жыйынтыгы болуп эсептелет.

- Ушул жылы сиз университеттеги окууңузду аяктайсыз. Жакын арада Кыргызстанга кайтып келүү жөнүндө оюңуз барбы?

- Албетте. Июнь айында окуум бүтөт. Окуум бүтөөрү менен Кыргызстанга келем. Кандай кыйынчылык болсо дагы өзүмдүн мамлекетимде өзүмдүн элим менен чогуу болом.

- Маегиңизге ырахмат.


Замира Кожобаева, Бишкек
XS
SM
MD
LG