Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:19

ЖАЛАЛАБАТТА “СЕНТЯБРЬ” СЫНАЛГЫСЫНА БАЙЛАНЫШТУУ СОТ БАШТАЛДЫ

  • Ырысбай Абдыраимов

23-январда экономикалык маселелер боюнча Жалалабат облустук соттук коллегиясы «Сентябрь» телеканалынын мунарасына байланыштуу соттук териштирүүнү баштады. Анда сыналгынын түштүк аймагындагы деректири Асылбек Текебаев мунараны көчүрүп кетүү тууралуу облустагы райондор аралык соттун чечимин жокко чыгарууну өтүнүп, туура эмес айыптоолоор тагылгандыгын белгиледи. Сот жүрүп жатканда токой жөнүндө тиешелүү адабияттар тараптардын колунда болбогондуктан ишти кароо 29-январга жылдырылды.

«Сентябрь» телеканалынын мунарасына ажыратылган жерди мыйзамсыз деп табуу жөнүндөгү облпрокуратуранын доо арызын караган облустагы райондор аралык сот өткөн айда туура эмес чечим чыгарган. Сыналгынын түштүк аймагындагы деректири Асылбек Текебаев коллегиядан иш бир жактуу каралгандыгын жана өзүнө карата туура эмес айыптар коюлганын белгиледи. Райондор аралык соттун мунарага жер ажыратуу жөнүндөгү Сузак районундагы Кара-Алма токой чарбасы менен бирдей аталыштагы айыл өкмөттүн буйругун жокко чыгаруу жана мунараны башка жакка көчүрүү тууралуу чечими менен макул эместигин билдирди:

- Ишке тиешеси жок менин жеке менчик болуп эсептелген имаратымдын жана телемунарамды мен жокто баалашып, эч кандай мыйзамда көрсөтүлбөгөн 450 миң сомду менин мойнума жүктөгөн өндүрүлүп алыныш керек деп.

Телемунарага жер ажыратылган аянтта мыйзамсыз токой кыюулар болгон эмес жана мамлекетке материалдык зыян келтирилбеген. Текшерүү анын жогунда жүргүзүлгөн:

- Облустук прокуратурада деле түзүк юристтер отурат. Эч кимдин уруксатысыз токойлорду кыркты деген курук дооматтар келтирилген. Ал жер такыр жер, ушуну жазган адамдар ал жерге барбаса керек, - деген Асылбек Текебаев райондор аралык соттун чечимин жокко чыгарууну өтүндү.

Токой бөлүгүнө телемунара орнотулуп, “Сентябрь” сыналгысы кечкисин Орусиялык сыналгынын берүүлөрүн элге тартуулап, эртең менен «Азаттык» үналгысынын берүүлөрүн таркаткандан коомчулук зыян тарткан жок. «Дагы бир сыналгынын жарыкка чыгышы - эл үчүн пайда» деп эсептеген Караалма айыл өкмөтүнүн башчысы Камчыбек Айылчиев 2005-жылы телемунарага жер ажыратуу жөнүндө токой чарба менен макулдашканын айтты:

- Айыл өкмөткө Асылбек кайрылган, мен токой чарбанын директоруна мыйзам чегинде карап көргүлө деп виза салып бергем. Бир жылдан кийин архитектурадан, башкалардан алып келишим түзүп буйрук чыгарып берген экен. Мен 2006-жылы ошолордун негизинде буйрук чыгарып бергем.

Сотто аны менен кошо токой чарба башчы да Текебаевдин өтүнүчүн жактап чыгышты. Судьянын жердин берилиши туура болгонбу беген суроосуна Каралма токой башчысы Шарабидин Жоошбаев мындайча жооп узатты:

- Биздин токой мыйзам боюнча турак жай курууга мүмкүн эмес.

Облпрокуратуранын соттогу өкүлү Текебаевдин пикирине карата сот бүтөлекте эч кандай жооп бералбай тургандыгын айтты. Телемунарага байланыштуу жердин чатагын декабрь айында териштирген райондор аралык соттун судьясы Арстанбай Айжигитов облпрокуратуранын Асылбек Текебаевден 455 миң сом өндүрүү доосу канаттандыруусуз калтырылгандыгын түшүндүргөн:

- Караалма токой чарбасынын, Сузак токой бөлүмүнүн буйруктары, токой чарбасы менен Текебаевдин ортосундагы келишим жараксыз деп табылган. Текебаев Асылбек ээлеп отурган жерден мунара жана инженердик имаратын бузуу жолу менен көчүрүлсүн деп чыккан чечим.

Экономикалык соттук коллегиянын жүрүшүндө тараптарда токой тууралуу адабияттар болбогондуктан, талкуу 29-январда улантыла турган болду.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG