Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:19

17:46 Екатеринбургда кыргызстандык атуулдар өз жердештеринин зордук-зомбулугуна кабылган


Тышкы иштер министрлигинен кабарлашкандай, 2006-жылы Кыргызстандын Екатеринбургдагы консулдугунун жардамы менен кыргыз, өзбек жана тажик улутундагы атуулдардан турган кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалган. Алар Орусиянын Свердлов областында иштеген кыргыз атуулдарынан коркутуп –үркүтүү жолу менен акча өндүрүү менен алектенген. Бул кылмыштуу топту 1975-жылы туулган “Самат” атыккан кыргызстандык Махамат Иманов башкарып турган. Аталган кылмыш боюнча ишти тергөө аяктап, 2007-жылы сентябрда сот териштирүүсү башталган. Кыргыз атуулдарын Кыргыз консулдугу кайтарууга алып, кылмыштуу топтордун зомбулугунан сактап турган. Консулдук ошондой эле Орусиядан Кыргызстанга чыгып кеткен жарандарды сот отурумуна келип берүүсүн камсыз кылуу үчүн сотко жардам көрсөтүүдө. М.Иминовго жана анын шериктерине карата соттун чечими февралдын аягында болмокчу. (MSu)

XS
SM
MD
LG