Линктер

жума, 31-март, 2017 Бишкек убактысы 06:56

17:57 В. Власов: Орусия менен Кыргызстандын алакалары эң жогорку деңгээлде десе болот


Бул тууралуу Орусиянын Кыргызстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Валентин Власов премьер-министр Игорь Чудинов менен болгон жолугушуусунда белгиледи. Мисал катары өткөн жылы эки өлкөнүн ортосунда товар жүгүртүү 1 млрд. 200 млн. АКШ долларын түзгөнүн келтирди. Негизинен жолугушууда энергетика, атап айтканда Камбарата-1, 2 ГЭСтерин куруу жана жабдуулар менен камсыздоо маселелери талкууланды. Ошондой эле Ош облусунда жер титирөөдөн жабыркагандарга жардам көрсөтүү жана Орусиянын данын Кыргызстанга алып келүү маселелери да талкууланды.
Соңунда: "Көп маселелер каралды жана бардыгы боюнча бир түшүнүккө келүүгө мүмкүн болду", - деп кошумчалады В.Власов. (ESu)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG