Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:40

Бишкек райондор ортолук соту Социалдык фонддун “Кыргызөнөржайкурулуш” банкын каржыларды кайтарууга жарамсыз деп табуу тууралуу доо-арызын кароону 25-январга жылдырды. Соттук териштирүүнүн 23-январдан эки күн артка жылдырылышына “Кыргызөнөржайкурулуш” банк кардарларынын Социалдык фондго кайрылуусу, тараптарды ортодогу талаштуу маселени мунасага келип чечүү жөнүндөгү өтүнүчү түрткү болду.

Кыргызстандын каржылык системасында өзүнчө орду бар ири банктын асманында кара булуттун айланышы өткөн жылдын аягында башталган. Аны айрым божомолчулар өлкөдөгү эң ири каржы мекемесин негиздөөчү экс-депутат Муратбек Мукашевдин саясий ишмердигине байланыштырып келатышат. Экс-депутаттын өзү да ушундай эле пикирин журналисттердин алдында жарыя кылган жайы бар.

- Cаясат бар. Саясат бар жерде акча бар. Негизи экөө чогуу жүрөт деп коюшат. Анан да менин силерге айтар сөзүм мындай. Кыргызстанда болгон референдумдарга көзүм түз эмес. Мынабу шайлоонун жыйынтыктары да мени анча канааттандырган жок. Бирок мен шайлоого барбадым.

Социалдык фонддун азыркы төрагасы Марат Султанов миллиард ашуун сом акчаны фонд жылдык үстөк пайызы төмөн банктарга которууну ал жетекчиликке келгенге чейин эле чечишкенин айтат. Анын ырасташынча, “Кыргызөнөржайкурулуш” банкы фонддун калган акчасын которуп бере алат.

- Улуттук банк, убактылуу жетекчи менен сүйлөштүм. Алардын экөө тең банкты жакшылап текшерип чыгалы деп жатышат. Банктын бардык акчасы жок болуп кетет деген коркунуч жок. Бирок алар кандайдыр бир тобокелдиктер бар, дешет. Тобокелчилик бар деп жатышат. Менин өзүмдүн позициям мындай. Бул банкты капиталдаштыруу, капиталын тактоо иштерин жасашыбыз керек. Социалдык фонд алгач ушул банкты жапканга өзүнүн талабын даярдаган экен. Мен аны токтотуп, жок банкротчулукка эле берели деп айттым. Банкротчулук акчасын төлөй албай жатат эле дегендик.

Банктарды өзгөртүү жана карыздарды кайтаруу боюнча агенттиктин өтүнүчү менен “Кыргызаудит” компаниясы “Кыргызөнөржайкурулуш” банкын текшерип, анда банктын карыздарды кайтарууга толук мүмкүнчүлүгү бардыгын ырастаган. Бирок да андай бүтүм менен Улуттук банк адистери макул болбой, ушу тапта банкты кайрадан текшертүү аракетине киришүүдө. Кыргызстан фондулук биржасынын жетекчиси Нурбек Элебаев Улуттук банктын “Кыргызөнөржайкурулуш” банкынын ишин убактылуу токтотууга мыйзамдык негизи бардыгын белгилеп, Социалдык фонд менен “Кыргызөнөржайкурулуш” банкы ортодогу маселени мунасага келүү менен чечиши зарыл экендигин билдирди.

- Биз азыр жаңы аракет жасап жатабыз. “Кыргызөнөржайкурулуш” банкынын кардарлары менен акчасын сактагандар Социалдык фондго өтүнүч кат жөнөтүп, банк менен Социалдык фонд мунасага келишин суранып, аракет кылып жатабыз.

Антип Социалдык фонд менен “Кыргызөнөржайкурулуш” банкынын ортосундагы маселе бир жаңсыл чечилип калыш ыктымалдыгы ачыкка чыгып калганда “Кыргызтемир” акционердик коому ошол эле Бишкек райондор ортолук сотуна кайрылып, буга чейинки банк менен болгон каржылык мамиле-катыштарын үзүп берүү талабын коюуда. “Кыргызтемир” акционердик коому менен “Кыргызөнөржайкурулуш” банкынын ортосундагы соттук териштирүү келерки айдын башына – 1-февралга белгиленген. Кыязы, банктын айланасындагы талаштуу иштерди териштирүү дагы узакка созулчудай.
XS
SM
MD
LG