Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:33

Бир топ жыл бою Кыргызстанда жергиликтүү өз алдынча башкаруу системасын жөнгө салуу боюнча аракеттер жүрүп, бийликти борбордон алыстатуу максатында айыл өкмөттөрүн элдин тандоосуна коюшкан эле. Эмики баш мыйзамга ылайык бийликтин бардык бутактары кайрадан түздөн-түз борбордун көрсөтмөсү менен дайындалып калды. Ушинтип жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аракеттери соңуна чыкпай калганда, Жергиликтүү башкаруу боюнча улуттук агенттиги эмне менен алектенип жатат?

Айрым адистер демократиянын негизги багыттарынын бири катары башкарууну борбордон обочолотуп, өз алдынча башкаруу системасын өркүндөтүү керек экендигин айтып келишет. Бул багытта Кыргызстанда да бир топ иштер колго алынып, акыркы жылдары айыл өкмөттөрүн эл шайлап калган. Соңку баш мыйзамга ылайык айыл өкмөттөрдүн талапкерлигин аким көргөзүп, аларды жергиликтүү кеңештин депутаттары шайлап калышты. Бир катар саясатчылардын баамында, эгемендик алгандан бери Кыргызстанда бийлик өзүн-өзү башкаруунун айрым бир элементтерин ишке киргизимиш болгону менен толук кандуу ага өтпөй келишет. “Эркиндик” партиясынын лидери Топчубек Тургуналиевдин айтымында, Жергиликтүү өз алдынча башкаруу агенттиги иштеп, кагаз жүзүндө иш жүрүп атканы менен иш жүзүндө эч нерсе аткарылган жок:

- Өз алдынча башкаруу деген бул демократиянын бирден-бир жолу. Жаныгы Швейцария, Норвегия деген мамлекеттер мына ушул жол менен баратат. Мында мамлекеттин катышы барган сайын азайа баштайт. Ошондуктан жергиликтүү бийлик күчөйт, бюджетин өзү түзөт, көп нерселерди өзү алып барат. Андай жок да Кыргызстанда.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу боюнча улуттук агенттиктин директору Мамасадык Бакировдун пикиринде, айрым адамдар өз алдынча башкаруунун маани-маңызын жакшы түшүнбөй, бир топ жерде туура эмес пикирлерди айтып жүрүшөт. Бүгүнкү күндө кырк чамалуу кызматкери бар агенттиктин башчысы, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун ролу дале чоң экендигин, акырындап бул жаатта жылыштар болуп атканын айтат:

- Айыл өкмөттөр кыйыр шайланып атат да азыр. Азыр айыл өкмөттөрү бошоңдоп кетти же алар борборго байланып мааниси жоголуп кетти дегенге кошулбайм. Анткени, жергиликтүү депутаттар аткаруу бийлигинин ошол жердеги башчысын шайласа, бул жерде эч кандай артка кетүү болбойт. Кайра тескерисинче тартип күчөп, элдин арасындагы талаш-тартыш, уруу-уруу болуп урушмай, тууганчылык, бөлүнүп-жарылуу азаят. Себеби, депутаттар терең талдап туруп жакшы талапкерди шайлап, ийгиликтерди алып келет.

Кээ бир серепчилердин баамында, бүгүнкү күндө болуп жаткан саясий айдыңдагы өзгөрүштөр авторитардык башкаруунун гана күчөгөнүн далилдеп турат. Буга далил катары так ушул башкаруунун төмөнкү баскычын кайрадан борборго байлоо аракети келтирилет. “Таза коом” партиясынын лидерлеринин бири Табылды Акеровдун айтымында, бийлик баардыгын өз колуна алып, эски совет доорундагыдай башкаруу ниетин билдирип жаткан соң, эми Жергиликтүү өз алдынча башкаруу боюнча агенттикти деле салык төлөөчүлөр үчүн ашыкча жүк кылып кармаштын зарылчылыгы жок:

- Чын-чынын келгенде азыр айыл өкмөттөрүн аким дайындап калгандан кийин, Жергиликтүү өз алдынча башкаруу боюнча агенттиктин деле кереги жок болуп калды. Анткени анын таасири жок болуп калды да. Акимге да, губернаторго да таасир кыла албаса, анын кереги барбы.
XS
SM
MD
LG