Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:53

МАРАТ КАЙЫПОВ: “АДИЛЕТ МИНИСТРЛИГИ ЖАЗА ӨТӨӨНҮ ГУМАНДАШТЫРУУ САЯСАТЫН ЖҮРГҮЗҮП ЖАТАТ”


“Азаттык” үналгысына адилет министри Марат Кайыпов интервью берип, министрликте өткөн жыл ичинде жасалган иштер жана алдыда турган максаттар тууралуу маалымат берди. Андан тышкары адам укугунун абалы, парламенттин жаңы системада иштөө тартиби боюнча укуктук баа берди.

- Марат мырза, Кыргызстан жаңы жыл алдында жана андан кийин бир топ олуттуу өзгөрүүлөрдү баштан кечирди. Ага парламенттик шайлоодон кийинки абал, адам укугун коргоо маселеси түрткү болууда деген ойдомун. Ушундан улам маегибизди мына ушул маселеден баштасак. Бир топ укук коргоочулар Бишкек шаар Кеңешинин митинг, пикеттерди өткөрүү жөнүндөгү өткөн жылдын 30-декабрында кабыл алган токтомун жокко чыгаруу талабы менен башкы прокурорго барып жолугушту. Сиз Адилет министри катары ушул шаар Кеңешинин токтомуна укуктук баа берсеңиз? Бул токтом жарандардын өз көз карашын эркин билдирүү укугуна доо кетирген жокпу?

- Мен билгенден Бишкек шаарынын мэриясы жөө жүрүшкө тыюу салуу жөнүндө токтом чыгарган жок, тескерисинче адамдын саясий укуктарын колдоого алып, шарт түзүп берүү жөнүндө чечим чыгарган. Пикетке чыккандардын санына жараша шаардагы 3 жерде өткөрүлсүн деп аныктаган. Эгер азыраак болсо Горький атындагы скверге өтсүн деп, андан кичине көбүрөөк болсо паркка өтсүн деп, өтө эле көп болуп миңдеген кишилер болуп кете турган болсо анда эски аянтта өтсүн деп чечим чыгарган. Ошону менен бирге эле ушул жерлерде митингге чыккан кишилер сүйлөй турган шарты болуш үчүн микрофондорду орнотолу деген. Кайсы бийликке кайрылса ошол бийликтин өкүлдөрү келсин деген. Ага чейин алдын алып пикет өткөрчүлөр кайрылсын деген шарт болгон. Себеби ушул аянттарга алдын алып кайрылса, ал жер бошпу же бош эмеспи деген маселесин карап көрүш керек деген. Андан тышкары алардын коопсуздугун сактоо үчүн алар жүрө турган жерлерде машинанын жүрүүсүн токтотуп, шарт түзөлү деген ой болгон.

Биз тилекке каршы эгемендүүлүк учурда каалаган жерде басып пикет, демонстрация өткөрөбүз деген түшүнүккө ээ болуп калганбыз. Демократияны бизге таңуулап жаткан, мисалы АКШ, Улуу Британия мамлекеттеринде дагы пикет, митинг өткөрүү мыйзамдаштырылып, кандайдыр бир эреже менен өткөрүлөт. Демек, нааразы болгон кишилердин укугун эле коргоп отуруп албай, Кыргызстандын жарандарынын, шаарга келген коноктордун да укугун коргошубуз керек. Пикет өткөрөм деп аткан кишилердин кыймыл- аракети башка кишилердин укугун тебелеп-тепсеш керек эмес.

- Сиз кайсы бир ММКга берген интервьюңузда чет өлкөлөрдөн колдоо таап Кыргызстанда иштеп жаткан бейөкмөт уюмдар каражатын сөзсүз түрдө “Кыргызстан” банкы аркылуу гана алыш керек, Кыргызстанга чет өлкөдөн канчалаган акчалар эмне үчүн келип жаткандыгын көзөмөлгө алышыбыз керек деп айттыңыз эле. Эгерде бул ишке ашып кете турган болсо чет өлкөлүк уюмдардын, эл аралык уюмдардын жана бейөкмөт уюмдардын нааразылыгын жаратуучу демилге болуп калбайбы?

- Биринчиден, баса белгилеп кетишим керек, адилет министри катары расмий түрдө, Кыргызстанда азыркы учурда 15 миңге жакын бейөкмөт уюмдар бар. Ошолордун көпчүлүгү Кыргызстандын бийлигинин колу жетишпей жаткан иштерди жасап жатышат. Буларга биз чоң ыраазычылык билдиришибиз керек. Экинчиден, саясатка аралашып жаткан бейөкмөт уюмдарды сөз кыла турган болсок, Кыргызстанда парадокс. Кээ бир бейөкмөт уюм менен саясий партиянын айырмасын билбейсиң. Мына кечээ эле жеңишке жетпей калган оппозициялык саясий партиялар бейөкмөт уюмдар менен чогулуп алып туруп бир кыймыл түзүштү. Мына ошол бейөкмөт уюмдар биздин саясатка аралашып мониторинг жасашты.

- Мисалы кандай бейөкмөт уюмдардын жетекчилерин айтып жатасыз?

- Мисалы ошол эле Сасыкбаева, ошол эле Эдил Байсаловду алалы. Маселе мында, эгерде саясат тармагында иш алып барган бейөкмөт уюм боло турган болсо адатта алар чет элдик уюмдар, чет мамлекет аркылуу каржыланган бейөкмөт уюмдар. Каржылап жатканда алар кандайдыр бир шарт коюшат, кандай иштерди алып барганга акча берем деп. Кудай урбадыбы, жөндөн жөн эле берип койбойт да. Ооба, негизги туусу бул демократия, адам укугу деген маселелер, бул бир. Экинчиси, башка мамлекет каржылап аткандан кийин сөзсүз мамлекеттин кызыкчылыгы бар да, биздин мамлекеттин саясатынын өзгөрүшүнө кызыкчылыгы бар болгондо дагы. Макул Америка каржыласын, бирок кудум ушул бейөкмөт уюмдар айтып атат айкындык процессин жасагыла, бюджетиңер айкын болсун биз көрөлү деп. Бирок булардын бюджетин көрөлү десек, эмне үчүн көрсөтүшпөйт, Жок биз силерден алган эмеспиз, ошон үчүн силерге отчет бербейбиз дейт. Кайсы мамлекеттерден ушундайды көрдүңөр эле? Бул башамаландык, бул демократия эмес. Кыргызстанга келген жарым тыйын болсо дагы ал Кыргызстанга берилген акча. Мүмкүн ошол Кыргызстанга берилип аткан акчанын максаты Кыргызстанга төңкөрүш жасаш үчүндүр, Кыргызстан мамлекетин жок кылып коюш үчүндүр. Кайдан билебиз? Ошон үчүн биз кабардан болушубуз керек. Келип аткан акча эмне максатка келгенин жана канча акча келгенин биз билишибиз керек. Антпесе эмнебиз мамлекет?

- Азыр үч партиядан куралган парламентте депутаттардын сөз сүйлөө укугу жөнүндөгү маселе күн тартибинде турган регламентке байланыштуу кызуу талкууланып жатат. Эгер бир фракциядан бир гана депутат сүйлөсүн деген жобо кабыл алынып кала турган болсо, кээ бир саясатчылар айтып жаткандай, Кыргызстан авторитаризмге багыт алып, унчукпас мамлекетке айланабы деген кооптонуу бар. Сиз бул боюнча кандай ойдосуз?

- Депутаттардын регламенти бул ички эреже. Алар мыйзамды кабыл алып өзүлөрүнүн иш алып баруу тартибин аныкташат. Азырынча бул талкуу болуп, кабыл алына элек. Бирок айта кетиш керек, биз партиялык тизме менен, мындайча айтканда пропорционалдык система менен Жогорку Кеңешти курадык. Пропорционалдык системадагы депутаттардын иштөө тартиби менен мурунку можаритардык системада иштеген депутаттардын тартибинен айырмасы асман менен жердей. Мунун айырмасын көпчүлүгү мүмкүн ушул убакка чейин түшүнбөй аткандыр! Себеби жеңишке жеттиби, кандайдыр бир партия парламенттин көпчүлүк ордун алдыбы, демек алар мөөнөтү бүткөнгө чейин ушул саясатка жоопкерчиликтүү. Пропорционалдык системада мурункудай болуп бардыгы чогулуп алып отура бербейт.

- Марат мырза, эми сиз жетектеген Адилет министрлигиндеги айрым маселелерге кайрылсак. Себеби сиз 2 жыл ичиндеги төртүнчү өкмөттө иштеп жаткан министрсиз. Демек артка саресеп салууга сизде мүмкүнчүлүк көбүрөөк. Былтыр жаза өтөө тармагын гумандаштыруу саясатын баштадыңыз эле. Анын жыйынтыгы кандай болууда?

- Азыр жылдын жыйынтыгы боюнча көңүл бура турган жетишкендиктерге жетиштик, бирок бул аз. Мурунку Советтер Союзунда тоталитардык мамлекет өзүнүн элин коркутуп, кичине эле кылмыш кылса түрмөгө камай коюп, анан оорураак кылмыш кылса атып салып, коркутуу жолу менен жаза саясатын жасаса, азыр биз тарбия жолу менен камабай туруп эркинен ажыратпаган жазаларды колдонуп, чөнтөгүнө чаап, мамлекетке да пайда кылуу саясатын жүргүзүп жатабыз. Эгер адам өтө коркунучтуу эмес кылмыш жасаса, эркинен ажыратпай туруп жазалоого өттүк. Ага негиз берген мыйзамдар топтомун былтыр Жогорку Кеңеш алып берген. Анын натыйжасында үч пайда көрө турган жазаларды колдонуп жатабыз. Биринчиден, эгер кылмышкер коркунучтуу болбосо, эркинен ажырабай турган жаза алат дагы, бир жерде иштеп өзүнүн үй-бүлөсүн, бала-чакасын бакканга мүмкүнчүлүк алат, жабырлануучуга да кетирген жазасы үчүн төлөп берет. Демек, жабыр тарткан тарап дагы ыраазы болот. Коомдук иштерге тартылып жасап аткан иши үчүн алган акчасынын кандайдыр бир пайызы сөзсүз мамлекеттик казынага төлөнөт. Штраф болсо толугу менен мамлекеттик казынага төлөнөт. Демек, мындан мамлекет да пайда табат.

Экинчи чоң жаңылык бул мыйзамда биз мамлекет катары өзүбүздүн эл аралык милдеттемелерди аткарып, өлүм жазасы деген кылмыш жазасынан баш тарттык. Эми өмүр бою жаза өтөйт десе эле, бул кылмышкер демек өмүрү өткөнчө түрмөдө отуруп, анан каза болгондон кийин көмүлүп калат экен деп ойлобош керек. Биз мыйзамга 30 жылдык чек коюп атабыз. Эгерде өлүм жазасын алган адам 30 жылдын ичинде жакшы көрсөткүчтөргө ээ болсо, анда аны 30 жылдан кийин боштондукка чыгарганга мүмкүнчүлүк бар. Үчүнчү жаңылык- эгерде мурун сотко чейинки камалган кишилердин тагдырын чечүү боюнча санкция берүү укугу прокурордо болсо, азыр соттор санкция берип калды. Бул айкындык принцибин толук камтыган процесс.

- Ал эми түрмөдөн чыккандардын тагдырын андан ары чечүү багытында кандай аракеттерди көрүп жатасыздар?

- Биз быйыл эл аралык уюмдар менен башка мамлекеттердин кызматтары аркылуу каржылоо таап, боштондукка чыга турган адамдарды социалдык жактан колдоо көрсөтө турган программа түзүп атабыз. Улуу Британия мамлекетинин ДFID деген фонду жана башка бизди колдогон эл аралык уюмдар бар ошолор жардам берип жатышат. Жаза аткаруу башкармалыгынан бир бөлмөнү булар ырастап берип атышат, а биз ар бир бошоп аткан адамдын кандай кесиби бар, канчада бошойт, кайда чыгат, анан кийин аны кайсы жакка жумушка орноштурушубуз керек деген маселелерди тактап, жумуш берүүчүлөр менен байланышып жумуш таап берүү процессин алдын ала караштырып атабыз.

- Биздин маалымат боюнча түрмөлөрдөгү өндүрүштү Советтер Союзу учурундагыдай кайра калыбына келтирүү аракеттерин көрүп жатасыздар. Анын натыйжасы кандай?

- 2005-жылы мен министр болуп келгенде жападан жалгыз аялдар мекемесинде өндүрүш тигүү цехи сакталып калган экен. Калган бардык колонияларда бардык өндүрүштөр талкаланып жок болгон. Аянычтуусу жапжаңы станокторду дагы металлолом кылып сатып жиберишкен. Өндүрүш иштеп жаткан имараттарды да талкалап кеткен экен. Ошолорду жандардыруу процесси былтыр башталды. Былтыр биринчилерден болуп №16 колонияда жылына орто эсеп менен 10 млн. бышкан кыш чыга турган кирпич заводун курдук. Келечекте ар бир колонияга ушундай өндүрүштөрдү ачабыз.

- Маегиңизге чоң ырахмат.
XS
SM
MD
LG