Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:09

Соңку кездери Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмуна,анын келечегине, дегеле дүйнөлүк иштердеги озуйпа-ордуна,кылар кызматына байланыштуу талаш-тартыштар күчөдү. Айрымдар “кансыз согуш” аяктаган соң анын башка милдети калган жок дешет. Башкалары болсо уюмду реформалоо зарылдыгын айтышат.

Январдын экинчи он күндүгүнүн башталышында Венада OSCEге быйылкы жылы төрагалык кылуу милдетине ырасмий түрдө киришип жатып, Финляндиянын тышкы иштер министри Илкка Каверна отуз жылдык тарыхы бар бул уюмдун жоюлуп, жок болуп кетишине жол бербөө зарылдыгын белгиледи. Бирок муну кантип жасоо керектигин айткан жок. Фин министри уюмдун “үчилтигин” - былтыркы жана келерки жылдагы төрагаларын – Испания менен Казакстанды жаңы милдеттерди чечкенге активдүү тартууну көздөп жатат. OSCEге жаңы дем,жаңы дух керек,деп айтты Каверна.

Уюмдун изилдөө борбору (CORE) өткөн аптада Гамбургда ушул темага байланыштуу өзүнүн докладын жарыялап, жалпысынан быйылкы жылы OSCEге кирген өлкөлөр арасындагы талаш-тартыштар басыларын,ошол эле учурда уюмдун келечегин бүдүктөнткөн башка факторлор пайда болорун, айрыкча АКШ менен Россиянын ортосундагы аскери чөйрөдөгү тирештер “саясий Батыш жана Чыгыш” түшүнүгүн кайра жандантышы мүмкүн экенин эскертти.

Деген менен уюмдун ички ишине байланышкан талаштар быйыл деле бүтчүдөй эмес. Өзгөчө Косовонун көз карандысыздыгы таанылса, дагы далай проблемалар күн тартибине калкып чыкчудай. Мисалы,Косово менен Абхазия,Түштүк Осетия же Днестр кылаасы ортосунда кандай принциптүү айрыма бар? Эгер аларды салыштырууга болбосо, анда OSCE кавказдыктарга кандай тарыйка сунуш кыла алат?

Мындан тышкары Россия, Казакстан,Өзбекстан жана Армения сыяктуу өлкөлөр OSCEни реформалап, анын негизги озуйпасын өзгөртүү зарыл, биринчи кезекте аны аймактардагы коопсуздук проблемаларын чечкенге багыттоо зарыл дешет. Бирок АКШнын, атүгүл НАТО, ООН сыяктуу айбарлуу жана абройлуу уюмдардын чама-чаркы жетпей жаткан эл аралык терроризмге каршы күрөштө OSCEни канетип натыйжалуу институтка айландырса болот?

Азырынча ушул жана башка суроолорго ачык жооп жок. Ал аз келгенсип,жакындагы Грузиядагы шайлоодо уюмдун миссиясы адегенде Михаил Саакашвилинин жеңишин демократиялуу деп баалап, андан соң айрым байкоочулары башкача көз карашын айтып, айрым оппоненттердин кыбаасын кандырганга үлгүрүштү. OSCEни байкоочулук ишмердигине ичи чыкпай жүргөн Москва ушу кезге чейин уюмдун бюджетине бере турган мүчөлүк акысын төлөй элек.

Бейтарап байкоочулар Москва менен OSCEнин эгешинен уюмдун келечегине байланышкан маселеде чоң кедергини көрүшөт. Бул эгештин арты уюмга же чын эле, фин министри айткандай, жаңы дем берүү менен бүтөт, же анын түбүн бир топ солкулдатып салат дешет алар.
XS
SM
MD
LG