Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:34

10:40 Иран Борбор Азиядан радиоактивдүү зат сатып алган деп шектелүүдө


Франциянын Le Figaro гезтинде жарыяланган макалада белгиленгендей, 17-январда Эл аралык өзөктүк кубат боюнча башкармасы (МАГАТЭ) кыргыз бийлигинен тынчсыздануу мүнөздөгү Цезий окуясына байланыштуу деталдуу маалымат берүүсүн сураган. Бирок кыргыз тарап эмне үчүн бул окуя 10 күн өткөндөн кийин гана ачыкталгандыгы боюнча бүгүнкүгө чейин жооп бере элек, деп жазат гезит. Ошондой эле, басылманын журналисттери МАГАТЭнин Вена шаарындагы кыргыз өкүлчүлүгүнө кайрылганда алар бул боюнча кандайдыр бир түшүндүрмө берүүдөн баш тартышканы айтылат. Лондондогу Kings Collegeдин өзөктүк курал боюнча адиси Питер Циммермандын айтымында, бул изотоп радиологиялык терракт уюштуруу үчүн өтө ыңгайлуу. “Бирок Иран мындай ыкма менен Цезий 137 затын сатып алуусу чоң күмөн туудурат.Балким кайсы бир ченөөчү аспап темир-тезектин калдыктарына түшүп калган. Мындай өнүккөн өлкөлөрдө деле кездешет”, дейт ал. Бул маселе боюнча Өзгөчө кырдаалдар министрлигине кайрылганыбызда, алар жетекчиликтин отурму болуп жатат деп, бул боюнча күндүн экинчи жарымында гана жооп берүү мүмкүн экендигин билдиришти. (MSu)

XS
SM
MD
LG