Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:15

11:10 Укук коргоочулардын мэр Данияр Үсөновду жоопкерчиликке тартуу боюнча өтүнүчүн Башкы прокуратура канааттандырган жок


Мындай мазмундагы жоопту бүгүн укук кргоочулар Башкы прокурордун орун басары Сумар Насизанын атынан алышты. Прокуратуранын түшүндүрмөсүндө айтылгандай, шаар мэри жана шаардык кеңеш тынч митингдерди өткөрүүнү чектеген токтомду 1994-жылы «Шаардын статусу» жөнүндө токтомго ылайык
чыгарган. Бул өз кезегинде мыйзамга каршы келбейт, деп негиздеди С. Насиза укук коргоочуларга берген жообунда. Укук коргоочулар бул мыйзам эски экенин, андан бери Баш мыйзам эки жолу өзгөргөнүн айтышып, сотко кайрылышаарын билдиришти. Учурда алар бул жоопко макул эместигин билдиришип, Башкы прокуратуранын маңдайында пикет өткөрүшүүдө.(MSu)

XS
SM
MD
LG