Бул коомдук жайларда ок атуучу курал колдонуу менен ишке ашырылган оор кылмыш санынын өсүп жатканына байланыштуу деп кабарлайт ИИМдин маалымат кызматы. 2007-жылы мындай 3697 окуя катталган. (2006-жылы – 3655). Ок атуучу курал менен байланышкан кылмыштардын саны өзгөчө Ош шаарында өсүүдө. Учурда өлкө боюнча каттоодон өткөн 21 миң даана курал-жарак бар. Былтыркы жылы “Арсенал” деп аталган атайы операциялардын жүрүшүндө, мыйзамсыз сактоо үчүн 1490 курал-жарак алынган. (JTo)