Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:17

Парламент жаңы регламент боюнча мыйзам долбоорун талкулоону улантууда. Депутаттардын пленардык отурумунда талкууга катышып суроо берүүсүн чектөө тууралу мыйзам долбоору айрым эл өкүлдөрү менен бирге эле коомчулуктун да кайчы пикирин жаратууда. Буга байланыштуу парламенттин мурдакы төрагасы Абдыганы Эркебаев “Азаттыктын” таы уктурууларында түз ободо ой-бөлүштү.

- Мурдагы спикер катары сиз бул мыйзам долбооруна кандай баа бердиңиз? Айрым саясатчылар бул мыйзам ишке кирсе парламент мурдагы эркин, көз карандысыз бийлик бутагы деген макамын, статусун жоготот деген пикирлерин айтып атышат?

- Албетте, мен дагы Жогорку Кеңеште болуп жаткан бүгүнкү талкуудан кабарым бар. Сиздин сурооңузга байланыштуу эки жагдайды белгилегим келет. Биринчиден, эч нерсе жөн жерден келип чыкпайт. Менин баамымда бул жолку аракет кантсе дагы Жогорку Кеңештин ишин өркүндөтүү, анын натыйжалуулугун арттыруу максатында болуп жатса керек. Ушул жагдайда кезегинде мен деле бир топ аракет кылгам. Тилекке каршы оңдуу натыйжага жете алган жок элек. Себеби бизде өтө эле убакытты үнөмдүү пайдаланбаган, мыйзам долбоорлорун талкуулап, аны кабыл алууда чаржайыттуулук, өтө узарып кеткен жагдайлар болбой койгон эмес. Ал эми көп классикалык бүгүнкүдөй парламенттерди, атүгүл жаңы Мамлекеттик Дума сыяктуу парламенттер дагы кичине жакшы жолго кое башташкан. Ал баарынан мурда ишти комитеттерде терең талдап, ийине жеткирип, бышырып парламентке алып чыкканда тез кабыл алууга жетишкен. Англияда да ошондой. Экинчиден, бизде биринчи жолу партиялык тизме боюнча парламент түзүлбөдүбү, бул жерде сөзсүз фракциялардын ролу абдан күчөйт. Алар дагы өзүнүн фракцияларында адегенде талкуулап мыйзам долбоорлорун же башка чечимдерди, палатада пикирин жалпысынан билдирүү ниетин көздөйт.

- Бирок биздин парламентте бир фракциянын басымдуулугу күч болуп турган мезгил?

- Бирок бул жерде экинчи дагы маанилүү жагдайды унутпаш керек, парламент дегендин өзү түпкүлүгүндө сүйлөөчү жер деген сөз. Айрыкча эл шайлаган өкүлдөр келип алып ошол жерде эң олуттуу маселелерди талкуулап, эл алдында өз пикирин чыгарыш керек. Депутаттардын дагы укугун, мүмкүнчүлүгүн чектөөгө мүмкүндүк бербеш керек. Ушул мааниде менимче парламентте жалпы натыйжалуулуку көздөө менен депутаттардын укуктарынын ортосунда абдан акыл-эстүү орто деңгээлди табыш керек. Эл айтып аткан нерсени мен да туура көрөм. Антпесе депутат болуп деле эмне кереги бар, эл өкүлү болуп ошол жерде отуруштун кандай кажети бар. Демек мен жанагыдай тынчсызданууну туура көрүп, абалдан кандай чыгуунун кандай жолдору бар дегенди айткым келет.

- Айрым оппозиционерлер Бакиевди кызматтан кетирүү боюнча революциялык кыймыл түзүүгө аракет жасап жатышат. Мындан жыйынтык чыгабы, же бийлик бул жолу дагы өзүнүн күчүнө ишенип жеңип кетүүсү мүмкүнбү?

- Жанагыдай аракеттерди өзүм уккан жокмун, катышкан жокмун. Албетте конституциянын, мыйзамдын чегинде ар кандай аракеттерди көрүүгө болот, мыйзамсыз күч колдонуудан тышкары болсо. Ошон үчүн менин тилегим - бардык нерсе Конституциянын чегинде болсо аны түшүнүү менен кабыл алыш керек. Себеби элдин, коомчулуктун өзү шайлаган кишилер эгер ишенимди актабаса, ал зомбулукка өтүп аша чаап баратса сөзсүз ага чара көрүүгө укугу бар. Ал жөнүндө мыйзамда да, эл аралык укукта дагы ошондой нормалар бар.

- Маегиңизге ырахмат.
XS
SM
MD
LG