Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:24

АКШда Киноакадемиянын “Оскар” сыйлыгына талапкерлердин аты аталды. Бул окуяга байланыштуу кыргыздын белгилүү режиссеру Эрнест Абдыжапаров “Азаттыктын” таңкы уктурууларына катышып, ой-пикир бөлүштү.

- Америкалык киноакадемиянын “Оскар” сыйлыгынын талапкерлери аталды. Бир нече аталыштагы наамдын ичинен чет тилиндеги мыкты кино деген наамга 5 тасма көрсөтүлүп, анын арасында Казакстандын “Монгол” жана Орусиянын “12” аттуу тасмалары бар экендиги айтылды. Биздин жакынкы кошуналарыбыздын бул эки тасмасы киносынчыларга кайсы жагы менен жакты деп ойлойсуз?

- Дүйнө жүзүнүн киносу шарттуу айтканда үч тармакка бөлүнөт. Мисалы индиялык, голливуддук жана европалык кино деп коебуз. Ошондуктан, мисалы Никита Михалков кийинки жылдары Голливуд тармагындагы кинону көп тарта турган болсо, өзбек туугандарыбыз көбүнчө индиялык ыкмада тартышат. Ал эми кыргыз, казактар негизинен европалык тармакка көбүрөөк көңүл бурат, ошондуктан фестивалдарга көп катышат. Ал эми “Монгол” Сергей Бодров тарабынан орустардын жана башка мамлекеттердин жардамы менен голливуддук системада тартылган тасма. Никита Михалковдун “12” жана Казастандын атынан чыгып аткан Сергей Бодровдун “Монгол” деген киносу Голливуддук тармакта тартылган кинолордун эң мыктыларын атай турган “Оскар” сыйлыгына көрсөтүлүп атканынын себеби ошондон.

- Кийинки убактарда кыргыз киносу да өнүгүү жолуна түштү деген жылуу пикирлер бар. Кыргызстандык кинорежиссерлор тарткан айрым тасмалар, мисалы сиздин “Боз салкын”, Нурбек Эгендин “Аталар керээзи”, ошол эле учурда Актан Арым Кубаттын, Темир Бирназаровдун да кээ бир тасмалары айрым эл аралык сыйлыктарга көрсөтүлүп келатат. Америкалык киноакадемиянын “Оскар” сыйлыгына талапкер болуучу тасмаларды жаратуу үчүн кыргыз киносуна эмне жетишпейт?

- Эгерде жакшылап карасак, мисалы Нурсултан Назарбаев “Оскар” сыйлыгына жетем дегендей кылып 34 млн. долларды сарптап, “Көчмөн” деген тасманы тартышкан. Бирок тилекке каршы ал максатына жетпей, “Оскар” сыйлыгын алган эмес жана жалпы өзүнүн акчасын актай элек ушул күнгө чейин. Ал эми кыргыздын киносу качан ошондой тасмага жетээри азырынча белгисиз. Бирок менин айта турган нерсем, бизде потенциал аябай чоң. Эгерде кенже эпосторду, дастандарды, же “Манасыбызды”, ошондой эле тарыхый чоң каражат талап кылган тасмаларды чыгарсак, келечекте менин оюмча “Оскар” сыйлыгына деле жете турган мүмкүнчүлүктөр пайда болот.

- Сиздин кесиптешиңиз кинорежиссер Нурбек Эген “Манас” эпосунун алкагында бир тасма жаратсам деген максаты бар экен. Сиздин кандай оюңуз бар, бул максат ишке ашабы?

- Менин жеке пикирим, ар бир кыргыздын жүрөгүндө кинорежиссер уктап жатат. Себеби манасчылык бар да дээрибизде. “Манас” бул чоң тасма, ошол тасманы көрүп атып манасчылар элге тартуулап берген. Ошондуктан “Манасты” жакшылап карасаңар сценарий түрүндө жазылган. Ошондуктан ар бир кыргыз “Манаска” кайрылбай кое албайт. Ал эми канчалык деңгээлде ишке ашырат, ал ар кимдин дараметине жараша болот. Ал эми мен Нурбекке ийгилик гана каалап коеюн.

- Маегиңизге чоң ырахмат.

Маектешкен Замира Кожобаева, Бишкек
XS
SM
MD
LG