Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:08

17:44 Ысыкатадагы ири дыйкан чарбанын кожоюнун атып өлтүрүштү


Бул туурасында ИИМнин маалымат кызматынан билдиришти. Окуя шейшемби күндүн кечинде болгон. Ысыката районунун Милянфан айылындагы «Арсма» дыйкан чарбасынын кожоюну Арсма Шабар үйүнө түнкү ондор чамасында келген. Европа улутундагы үч кылмышкер Арсма Шабарды жана анын үй бүлөөсүн мылтык менен коркутуп, көп суммадагы акча берүүсүн талап кылган. Бирок чарбанын кожоюну акча берүүдөн баш тартканда кылмышкерлер аны жакындарынын көз алдында эки ирээт баш тушка атып, качып кетишкен. Элүү беш жаштагы Арсма Шабар ошол жерден көз жумган. Чүй облустук ИИБнин билдиргенге караганда, алгачкы далилдер бар, бирок тергөөнүн иши үчүн азырынча ачык айтылбайт. (JJ)

XS
SM
MD
LG