Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:40

ТЕГЕРАН ТЕКЕБЕРБИ ЖЕ САНКЦИЯЛАРДЫН САЛМАГЫ ЖЕҢИЛБИ?


Эл аралык ар кандай кысымдарга карабастан Тегеран өкмөтү өзүнүн атомдук программасынан баш тартпай турганын иран өкмөтүнүн өкүлү билдирди. Мындан эки күн мурда Берлинде алты өлкөнүн тышкы иштер министрлери жолугушуп, Иранга байланыштуу Коопсуздук Кеңешинде жаңы резолюция даярдоо тууралуу макулдашкан эле. Жаңы санкциялар мүнөзү ырасмий өкүлдөрдүн апазында ар башкача бааланууда.

Жаңы резолюциянын долбоорун даярдоо иши ушу жуманын этегинде башталып, эмки аптада Коопсуздук Кеңешинде таркатылышы мүмкүн. Бирок Берлинде “алтылык” - АКШ, Британия, Кытай, Россия, Франция жана Германия - Иранга конкреттүү кандай чараларды көрүүнү макулдашканы азырынча белгисиз.

Кытайдын тышкы иштер министрлиги бейшемби күнү таркаткан билдирүүдө резолюциянын жаңы долбоорунда иран проблемасын жөнгө салуу боюнча дипломатиялык күч-аракеттерди улантуу жагы каралганы айтылат. Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров да Берлиндеги жыйындан соң жаңы долбоордо “Иранга таасир көрсөтүүнүн кошумча чаралары аныкталганын” айтып, “алардын катаң санкциялык мүнөзү жоктугун” ырастаган эле. Германиянын министри Франк-Валтер Штайнмайер “алтылыктын” Ирандын ядролук куралга ээ болушу Жакынкы Чыгышка түгүл жалпы дүйнөгө чоң кесирин тийгизет деген айныгыс пикирин билдирип, ушундан улам бир жагынан Тегеранды бул максаттан айнытканга демөөр берип, ошол эле учурда ага кысым жасоону улантуу зарылдыгы макулдашылганын айткан эле. Бул позицияны Франциянын министри Бернар Кушнер да бышыктаган.

АКШнын мамлекеттик катчысынын орунбасары Николас Бернс бейшемби күнү Израилде бул темага кайпылып, жаңы резолюция санкциялык мүнөздө болоруна, ал Иранга кысым жасоону күчтөрүнө ишендирди. Бирок документтин конкреттүү жоболорун мисалга келтирген жок.

Мамлекеттик катчы Кондолиза Райс кечээ Давосто баарыдан мурда Иранга ядролук курал жасоого жол бербөө зарылдыгын белгиледи. Ошол эле учурда проблема дипломатиялык жолдор менен чечилиши мүмкүн экенин да ырастады. Эгер Иран уран байытканын жана башка багыттагы иштерин токтотсо,Тегеран менен сүйлөшүүлөрдү баштоого, жаңы, нормалдуу мамилелерди түзгөнгө Вашингтон даяр.

Иран болсо баштагыдай эле өзүнүн атомдук программасынын өңчөй жайчылык максаттарга багытталганын айтып,бул пландан баш тартпай турганын кайталоодо. Өлкөнүн жогорку улуттук коопсуздук кеңешинин катчысы Саид Жалили шаршемби күнү Брюсселде Евросоюздун тышкы саясаты жана коопсуздук иштери боюнча жогорку өкүлү Хавер Солана менен жолугушуп, Ирандын ядролук чөйрөдөгү активдүүлүгү тынчтык мүнөздө экенин бышыктаганы АКШнын чалгындоо мекемелери жарыялаган докладга шилтеме жасады. Кечээ Тегеран өкмөтүнүн өкүлү жаңы резолюция кабыл алынган күндө да ал иран элине эч кандай таасир-таалимин тийгизе албайт деп билдирди.

XS
SM
MD
LG