Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:09

Ооганстанда талибдерге каршы өткөрүлгөн операция учурунда кеминде тогуз киши каза тапты


Америкалык аскерлердин командачылыгы астында жана авиация тартылган операция өлкөнүн борбордук бөлүгүндөгү Газни провинциясында өткөрүлгөн. Курман болгондордун көбү - полицейлер. Ал эми Ооганстандын түштүгүндө жолго коюлган бомбанын жарылуусунан НАТОнун аскер кызматчысы каза таап, экөөсү жаракат алды. Бул аралыкта ооган өкмөтү жана Улуттар уюму донор өлкөлөрдү ундун баасы кескин кымбаттап кеткенине байланыштуу Ооганстанга калкты азыктандыруу үчүн 81 миллион доллар жардам көргөзүүгө чакырды. Бул жардам алдыдагы беш айда айыл жана шаарда жашаган 2,5 ашуун адамга багытталмакчы.

XS
SM
MD
LG