Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:20

Орусиянын Борбордук шайлоо комиссиясында мурдагы премьер-министрди президенттик шайлоого катыштырбоого укуктук негиз бар


Мурдагы премьер- министр Михаил Касьяновду президенттикке көз карандысыз талапкер ирээтинде каттоодон баш тартууга укуктук негиз бар экенин бүгүн Борбордук шайлоо комиссиясынын катчысы Николай Конкин билдирди. Анын айтымында, Михаил Касьяновду колдоо багытында шайлоочулардан чогултулган колдун жарактуусу талап кылынган чекке жетпейт. Ал эми Михаил Касьяновдун өзү бүгүн Брюсселде жүргөн жеринен Борбордук шайлоо комиссиясынын дооматтарынын четке какты. Касьяновдун пикиринде, чогултулган колдор чыныгы эмес дегендик – пропаганда гана. Орусияда мыйзам боюнча президенттик шайлоого көз карандысыз талапкер катары чыгып жаткандар кеминде 2 миллион кол топтошу керек. Шайлоо 2-мартта өтөт.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG