Катуу суукка байланыштуу Нарын суусунун агымы 2003-2004-жылдары секундуна 200-230 кубометрге жетсе, быйыл 100-112 кубометр болду. Ошондой болсо да ГЭСке келген суунун өлчөмү жогору бойдон калууда. Башкача айтканда, Токтогул суу сактагычындагы запастын эсебинен 600-650 кубометрдин ордуна секундуна 850 кубометр суу түшүүдө. Бирок, суу сактагычта суу күнүнө 30 сантиметрге азаюуда. Бул тууралуу «Электр станциялар» ишканасы бүгүн маалымат таратты. (BuS)