Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:00

Шанхай Кызматташтык Уюму аймактык уюм катары саясат таануучулардын илимий кызыгуусун пайда кылууда. Учурдагы коомдук илимдердин сабында “Аймак таануу” салыштырмалуу жаңы багыттагы тармак болуп саналат. АКШнын Колумбия Университетинин Барнард колледжинин профессору Александр Кули дагы америкалык окумуштуулардын ичинен ШКУ тууралуу илимий изилдөө жүргүзүп келет. Профессор Кули “Азаттыктын” Бишкек студиясында маек курган.

- Александр мырза, Азаттыктын студиясына кош келипсиз. Сиздин баамыңызда ШКУ аймактык уюм катары эл аралык системанын толук кандуу катышуучусу боло алдыбы?

- Менин оюмча ШКУнун кайсы бир деңгээлде башка эл аралык уюмдарга окшобогон мүнөзү илимий жактан чоң кызыгууну пайда кылат. Бир жагынан алып карасак бул уюм аймактык интергацияны күчөтүүнү көздөп жатканы байкалат. Бирок ошол эле учурда соода-сатык жана жалпы товар жүгүртүү азырынча жандана элек. Эгер биз аймактык уюмдардын айкын мисалы болгон Европа Биримдиги, НАФТА (Түндүк америкалык эркин соода келишими), АСЕАН (Түштүк Азиядагы өлкөлөрдүн ассоциациясы) сыяктуу аймактык уюмдарды анализдесек, бул уюмдар негизинен жалпы соода-сатыкты кеңейтүүнү көздөп түзүлгөн жана соода кызматтыштыгы маанилүү тармак экендигин көрөбүз. Мен ШКУнун ичинде ушундай жалпы соода−сатыкты көздөгөн потенциалын азырынча көргөн жокмун.

ШКУ өз аймагында мындай жалпы соода аймагын түзө алса, анда ал дүйнөдөгү эң чоң регионалдык соода зонасы болмок. ШКУ аймактык соода мейкиндигин түзбөй туруп регионалдык уюм катары глобалдык системадагы орду, салмагы кандай болот? Бул суроо өтө маанилүү! Азырынча ШКУнун секретариаты БУУ, Европа Биримдиги сыяктуу эл аралык системанын бараандуу катышуучулары менен алака түзүү жагын жандуу колго алып жатат. Ал эми эл аралык саясаттын белдуу катышуучулары болсо өз кезегиде ШКУнун өнүгүшүнө, ички саясатына жана стратегиясына кылдат көз салып анын канчалык деңгээлде дүйнөлүк коомчулукка таанылаарына сереп салышууда. Азырынча ШКУ геосаясаттын кандай мүнөздөгү оюнчусу болоорун так айтуу али эрте.

- ШКУнун ички курамы, атап айтканда Орусия менен Кытайдын ролуна кандай баа бере аласыз?

- Кытай менен Орусия кайсы бир тармактар боюнча жалпы кызыкчылыктарга ээ жана эки өлкө тең ШКУ аркылуу аларды ишке ашырууга аракеттенишет. Бул өлкөлөр ириде Борбор Азия мамлекеттери менен байланыштарды чыңдоону көздөшөт. Ошол эле учурда бул чөлкөмдө АКШнын таасирин азайтуу, ЕККУ баштаган батыштык эл аралык уюмдарды, Дүйнөлүк Банк, Эл аралык Валюта Кору сыяктуу каржылоо институттарынын ишмердүүлүгүнүн айрым жактарын өзүнө алууну көздөп жатканын көрүүдөбүз. Маселенин түпкүрүндө Кытай, Орусия дагы бул багытта бир максатты көздөйт.

Ал эми эки чоң мамлекеттин кызыкчылыктары ажырым болгон тармактар болсо − Орусия ШКУнун аскердик потенциалын күчөтүү менен АКШнын, Батыштын таасирин жана НАТОнун аракеттерине каршы тең салмактыкка жетүүнү көздөйт. Кытайдын кызыкчылыгы болсо ШКУнун экономикалык механизмдерин өстүрүү, жалпыгы белгилүү болгондой, ал аймактагы эң күчтүү экономикалык өнүгүүгө жетишип ресурстарга болгон керектөөсү өсүүдө. Кытай өзүнүн соода байланыштарын Борбор Азия өлкөлөрү менен гана жүргүзүп чектелбестен дүйнөлүк базарга умтулууда. Чыныгы соода келишимдердин ишке ашышы кытайлык товар айлантууну күчөтөөрү шексиз, албетте, бул Орусия, айрым Борбор Азия мамлекеттерине жакпасы айдан ачык.

Дагы бир орчундуу суроо − Орусия демилге көтөрүп жаткан ШКУнун ичинде Энергетикалык клуб түзүү. Орусия энергетикалык ресурстарды өндүрүүчү катары кара май, жаратылыш газын сатууну кеңейтүүгө өтө муктаж, ошол эле учурда Кытай эң чоң энергия булактарын сарптаган өлкө болгондуктан Орусиядан көз каранды болууну албетте каалабайт.

- Александр мырза, эми менин кийинки суроом Кыргыстан учун ШКУнун ролу канчалык, аймактагы чоң мамлекеттерди ичине камтыган бул уюмдун Кыргызстанга көз карашы кандай?

- Албетте, акыркы беш жылдыкта ШКУ тездик менен өнүгүүгө жетишкенин баса белгилеп айтууга болот. Бардык эле Борбор Азия мамлекеттери анын ичинде Кыргызстан регионалдык интеграцияга, жалпы аймактык маселелерди чечүүгө өтө муктаж. Чек ара, жаратылыш ресурстарын бөлүштүрүү, жаңы инфраструктура, жол катнаштарын, коммуникация системасын түзүү сыяктуу зарыл тармактар мындай аймактык кызматташуунун артыкчылыгын көрсөтөт.

- Айрым саясий басылмалардан Шанхай кыматтаташтык уюмун “Авторитардык өлкөлөрдүн клубу” деп сындаганын окуп жатабыз. Сиздин көз карашыңыз кандай?

- Мен мындай аталышка макул эмесмин. Ооба, ШКУнун айрым мамлекеттериндеги бир катар авторитардык ыкмаларды көрүп жатабыз. Ал эми ошол эле учурда мүчө− мамлекеттер өздөрүнүн эл аралык аброю тууралуу көп кам көрүп жаткандыгы дагы сезилет. Менин оюмча ШКУну “авторитардык клуб” деп атоо өзгөчө астейдил суроо. Албетте, ШКУнун мүчөлөрү бири−бирине колдоо көрсөтүп, уюмдун ички саясатына ылайык стратегия жүргүзүшүүдө. Мен бул “клубдагы” коркунуч деп, азырынча бараандуу түрдө колго алынбай жаткан мурдагы саясий системаны өзгөртүү, демократиялык өнүгүүгө ык алууга багытталган саясий механизмдердин жоктугун айтаар элем.

- ШКУнун кеңейиши, келечеги тууралуу илимий баамдоолоруңуз кандай?

- Калган бардык эле уюмдардай ШКУ дагы өз курамын жайылтууга өтө дилгир. Биринчиден, бул ШКУну географиялык жактан кеңейтип аймактык базардын өсүшүн камсыз кылып, регионалдык саясаттын катышуучуларын көбөйтөт. Азыр Индия, Пакистандын ШКУга мүчөлүккө өтүшү тууралуу айтылып жатат. Экинчиден, ШКУнун кеңейиши уюмдун ичиндеги чечим кабыл алуу жараянында баштапкы мүчө мамлекеттердин добушунун азайышына алып келет. Албетте, бул мурдагы мүчө− мамлекеттердин кооптонуусун жаратуусу белгилүү. Ага карабастан ШКУнун курамы формалдуу түрдө кеңейет, эгер Индия уюмга мүчөлүккө өтсө анда Пакистандын да чакырылышы зарыл. Пакистандын мүчөлүккө өтүшү болсо ШКУга аймактык гана эмес глобалдык коопсуздукту камсыз кылуу милдеттемелерин коет. Жалпысынан айтканда ШКУнун өнүгүшү кызматташуунун ар кыл багыттарында тандалма мүнөздө болуп, жаңы мамлекеттердин мүчөлүккө өтүшү уюмдун мурдагы мүчөлөрүнүн колдоосуна ээ болот деп айтуу азырынча кыйын.


Гүлайым Ашакеева, Бишкек
XS
SM
MD
LG