Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:19

18:26 Жалалабатта кесиптик техникалык окуу жайлардын абалы талкууланды


Облбийликте өткөн тегерек үстөл жыйынында Камбарата ГЭСи үчүн жумушчу кадрларды даярдоо зарылдыгы чыгып жаткан учурда ПТУлардын бүтүрүүчүлөрү Орусияга иштегени кетип жатканы белгиленди. Жумушчу адистер жетишпей жатканда техникалык лицейлердин окуучуларынын күнүмдүк тамагына 21 сом ажыратылат. Техникалык лицейлердин абалы начар, окуу китептери менен жетишсиз болгон техникалары да эски. Коммуналдык, байланыш кызматтары, жол чыгымдары үчүн каражат берилбейт. Камбарата ГЭСинин өкүлдөрү ишканага
зарыл жумушчуларды өздөрүнүн окуу комбинатында даярдашаарын билдиришкен. (YA)

XS
SM
MD
LG