Николя Саркози Делидеги эки күндүк сапарында Индиянын премьер -министри Манмохан Синх менен жолугат. Анын бул сапары эки өлкө ортосундагы кызматташтыкты чындоо максатын көздөйт. Саркозинин бул сапарында «Мираж» аттуу аскерий 52 учакты модернизациялоо долбооруна француз мекемелери кошулаары тууралу келишимге кол коюлушу күтүлүүдө. Долбоор бир жарым миллионго тете деп бааланууда.