Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:02

12;21Райондор аралык сот Бишкек шаар кеңеши боюнча арызды кароону токтотту


Муну сот кечээки отурумунда арызды кароо Конституциялык соттун укугуна кирери менен түшүндүрдү. Бишкек шаардык кеңештин нааразылык акцияларын өткөрүүнү иретке келтирүү боюнча 5-декабрдагы токтомун жокко чыгарууну сурап райондор аралык сотко «Жарандык коом коррупцияга каршы» уюму кайрылган. Буга чейин сот «Демократия жана жарандык коом үчүн» коалициясынын да ушундай эле мазмундагы арызын караган. Эми соттун алдында ушундай эле доо менен кайрылган «Кылым шамы», «Тынчтык-маданият жарыгы» бейөкмөт уюмдардын арыздарын кароо милдети турат. Арыздар каралып бүткөндөн кийин аталган жарандык коомдор Конституциялык сотко кайрылышмакчы. Бул тууралуу ишембиде адвокат Нурбек Токтогулов билдирди. (BuS)

XS
SM
MD
LG