Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:58

17:21 Укук коргоочулар милиция кызматкерлерин адам укугун бузду деп сотко бергени жатышат


Буга ИИМдин «Бомж» операциясы түрткү болууда. «Жарандык коом коррупцияга каршы» уюмунун башчысы Төлөкан Исмаилованын билдиргенине караганда, акыркы үч күндө аталган операциянын чегинде шаар боюнча 800 чамалаш киши кармалып, камакка алынган. Алардын бири, төрт айлык баласы бар Зулфизар Юлдашева сыртынан 5 күнгө эркинен ажыратылган.

Президенттин карамагындагы адам укуктары комиссиясынын жетекчиси Турсунбек Акундун жардамы менен Юлдашева убактылуу кармоочу жайдан бошотулду.

ИИМдин убактылуу кармап, кайра бөлүштүрүүчү жайы тууралуу Төлөкан Исмаилова буларды "Азаттыкка" ишембиде мындайча белгиледи:

- Оозу-мурдун жууганга суу да жок ал жерде. 36 кишиге бир гана параша бар туалет деген. Ошо жерде орус аял ыйлап атат: мен төрт маал ар кайсы таштандыдан жакшы тамак таап жечү элем. Бу жерде үч суткадан бери ысык чай да иче албай койдум деп ыйлап отурат.

Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы бул иш-чара үй-жайсыз адамдарды сууктан корголотуу үчүн уюштурулду деп билдирди. (BuS)

XS
SM
MD
LG