Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:35

12:03 ИИМ: Камактагы селсаяктар күн жылыса бошотулат


Бул тууралуу ички иштер министрлигинин басма сөз катчысы Бакыт Сейитов “Азаттыкка” билдирди. “ Катуу суукта 100гө чукул үй-жайсыз адамдар тоңуп өлгөн. Мындай корүнүшүу токтотуу үчүн ИИМ атайын “Бомж” операциясын жүргүзүп, жүздөн ашык адамды камакка алган. Алардын айрымдарын туугандары алып кетишти. Калгандары күн жылыса дароо бошотулат,”- деди Б. Сейитов.
Ал арада укук коргоочулар буга байланыштуу милиция кызматкерлерин адам укугун бузду деп сотко бергени жатканы кечээ маалым болгон. «Жарандык коом коррупцияга каршы» уюмунун башчысы Төлөкан Исмаилованын айтымында үй-жайсыздарды эч кандай шарты жок суук жайда камоо туура эмес. (AiJu)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG