Түркияда бүгүн жүргүнчү поезд жолдон чыгып кетип, 8 киши мерт болуп, дагы 20дан ашууну жараат алышты. Стамбулдан Денизлиге бараткан поезд жолдон чыгып кетип, дагы 2 машинени сүйрөй кеткени айтылат. Түрк өкмөтү кырсык болгон жерде куткаруучулар иштеп атканын маалымдады.