Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:13

8:10 Пермь облусунун акыйкатчысы кыргыз бийлигине кат жолдоду


Пермь облусунун акыйкатчысы Кыргызстандын акыйкатчысы Турсунбай Бакир уулу менен кызматташтыгын мындан ары да улантарына ишенет. Мындай мазмундагы катты президент Курманбек Бакиевдин жана Жогорку Кеңеш төрагасы Адахан Мадумаровдун дарегине Орусия Федерациясынын Пермь облусундагы адам укугун коргоо боюнча координациялык кеңешинин теңтөрагасы Т. Марголина жиберди. Бул тууралуу Кыргызстандын акыйкатчысы маалымат таратты. Учурда Кыргызстандын акыйкатчысын парламент аркылуу кайра шайлоо күтүлүүдө. Ага талапкер катары акыйкатчы Турсунбай Бакир уулунан тышкары Турсунбек Акун, Төлөкан Исмаилова, Азиза Абдырасулова сыяктуу укук коргоочулар көрсөтүлүүдө. (BuS)

XS
SM
MD
LG