Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:12

Ливанда бүгүн аза күтүү күнү жарыяланды


Ливан бүгүн аза күтүү күнүн жарыялап, өлкөнүн премьер- министри Фуад Синиора калкты сабырдуулукка чакырды. Мунун алдында башкалаа Бейруттун түштүк кварталдарындагы баш алмандыктан сегиз адам каза таап, 30дайы жаракат алган эле. Электр кубатынын утур-утур жок болушу көчө жүрүштөрүн тутанткан. Демонстранттарды таратуу үчүн аскерлер кийлигишип, алардын огунан шийиттердин Хезболла уюмунун бир мүчөсү мерт болгондо кырдаал көзөмөлдөн чыгып кетткен. Ливандын башкаруучу коалициясы бул окуя үчүн оппозицияны айыптап, алардын артында Иран менен Сириянын таасири турганын белгиледи.

XS
SM
MD
LG