Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:06

ИНГУШЕТИЯДА ОППОЗИЦИЯНЫН МИТИНГИСИНЕН УЛАМ КООПСУЗДУК ЧАРАЛАРЫ КҮЧӨТҮЛДҮ


Муса Мураталиев, Маскөө калаасы Ингушетиянын баш калаасы Назранда ишемби күнү «Сердало» гезитинин редакциясы өрттөнө баштаганда аны сүрөткө тартып алышкан эки журналистти бийлик кармап ошол бойдон аларды кое бербей атышканы маалым болууда. Адам укугун коргоочу «Мемориал» борборунун өкүлү Екатерина Сокирянская айтканга караганда аларды редакцияны өрттөштү деп айыпташууда. Кармалгандардын бири РИА «Новости» агенттигинин, бири «Жизнь» басымасынын кабарчылары экен. Ишембиде Назранда оппозиция өткөргөн митингди кууп таркатууда да жоон топ журналисттерди кармоо болуп, алардын ичинде «Азаттыктын» да кабарчысы кармалып, бир нече сааттан кийин Владикавказ шаарына чыгарылып ташталган.

Ырасмий Назран билдиргенге караганда, милиция менен акцияга катышкандар ортосунда кагылышта бир киши аткан октон жарадар болуп, 10 киши камакка алынган.

Ингушетия жумуриятынын президенти Мурат Зязиковго каршы турган оппоненттик тарап, 26-январда Назранда: «паракорчулукка, киши уурдоого жана айыбы жок соту жок киши өлтүрүүгө каршы» ураан астында митинг өткөрмөкчү болушат.

Ошондо ФСБнын жумурияттык башкармасынын чечими менен террорчулукка каршы иштер жүргүзүлүүчү атайын аймак белгиленет. Ал аймак кучагына бир нече райондон сырткары баш калаанын Магас району да кирет. Дал ошол жерде ишемби күнү оппозициянын жыйыны өтмөк экен.

Назрандык бийликке чукул тургандар жааты оппозициянын аракетин «бүгүн бийликте турбагандыгы үчүн атайылап жамандык издеп атышат» деп кинелешүүдө. Митингге чыккандар урааны «Владимир Путиндин жолун колдойлу!» болуптур.

«Азаттыкка» айткан пикиринде, Орусия федералдык Кеңешине Ингушетиядан шайланган сенатор Иса Кастоев ошол ураанды сындап өтүп, андай колдоону ингуш эли жакында өткөн Мамдуманы шайлоодо чындап көргөзгөн дейт:

«Ингушетия, болгону бир ай мурда эң жогорку үлгүдөгүлөр катарында, Путиндин алган жолу үчүн добуш беришкен!» - дейт Иса Кастоев.

Кыстара кетчү кеп, «Ингушетия.ру» сайты жазганга караганда «2-декабрдан кийин 88 миңден көбүрөөк кишилерден түшкөн арызда мен 2-декабрде шайлоодо добуш берген эмесмин» болгон. Ал эми Мамдуманы шайлоодо Ингушетия, эли токсон пайызга чукул добуш берди, дегинкиси «Бирдиктүү Орусия» партиясы үчүн колдоо көргөзүштү деп расмий айтылган. Чеченстан, Татарстан, Башкырстан, Мордова сыяктуу эли шайлоого кызуу катышкан жумурияттар катарына кошулган.

ФСБнын ырасмий маалыматы боюнча ал атаган аймакта террордук актылар даярдалып атат. Оппозиция айтканга караганда карасанатайлык менен бут тосуу болуп атат.

«Ингушетияда эч кандай террордук коркунуч жок, бардык аракет алтынчы күнү өтө турган митингди болтурбоо үчүн бийлик жасалма түрдө коогалуу кырдаал түзүп атат», - деген митингди уюштургандардын бири Магомед Евлоев.

Ишемби да келип, митингге чыккандарды ОМОН кууп таркатуу болду. Террордук акты болгон жок. Жоон топ калемгерлер кармалып кайра кое брилди. Экөө эмдигиче кое бериле элек. Анализчи Сергей Маркедонов айтканга караганда, «Чынында эле (Ингушетияда – ММ) жумурияттык бийликке нааразы болгондор жок эмес, ошондой болгондо да, саясатка нааразы болгон эле кишини террорчу же исламчы деш натуура. Маселени (террорчулук менен күрөштү – ММ) ошончо эле жөнөкөйлөтпөш керек».

XS
SM
MD
LG