Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:06

10:20 Укук коргоочулар жарандарды мыйзамсыз камакка алуу күчөгөнүнө тынчсызданышууда


КР президентинин алдындагы адам укугун коргоо комиссиясынын төрагасы Турсунбек Акун бир нече укук коргоочулардын коштоосунда Бишкек шаарындагы убактылуу камоочу жайларды кыдырып чыккан. Укук коргоочу Азиза Абдурасулованын “Азаттыкка” билдиргени боюнча милициянын убактылуу камоочу жайында үй-жайсыз, көчөдө калган адамдардан тышкары, үй-жайы, үй-бүлөсү бар, бирок текшерүү учурунда жанында паспорту жок болуп калган жарандар да камалып жатышат. “Үй-жайсыз калган адамдарды соттобой туруп, камап салышкан, бул мыйзамга таптакыр каршы келет. Камакта отургандарга төрт суткадан бери тамак беришпептир. Төшөнчү-орду жок, мупмуздак цементте жатып-туруп атышат,” –дейт Азиза Абдурасулова. (ZKo)

XS
SM
MD
LG