Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:33

БИШКЕКТЕ ҮЙ-ЖАЙСЫЗ АДАМДАРДЫ КАМООЛОР КҮЧ АЛДЫ


Кыргызстандын президентинин алдындагы Адам укугун коргоо комиссиясынын төрагасы Турсунбек Акун бир нече укук коргоочулардын коштоосунда Бишкек шаарындагы убактылуу камоочу жайларды кыдырып чыккан. Укук коргоочу Азиза Абдурасулованын “Азаттыкка” билдиргени боюнча, милициянын убактылуу камоочу жайында үй-жайсыз, көчөдө калган адамдардан тышкары, үй-жайы, үй-бүлөсү бар, бирок текшерүү учурунда жанында паспорту жок болуп калган жарандар да камалып жатышат. “Үй-жайсыз калган адамдарды соттобой туруп камап салышкан, бул мыйзамга таптакыр каршы келет. Камакта отургандарга төрт суткадан бери тамак беришпептир. Төшөнчү-орду жок, мупмуздак цементте жатып-туруп атышат,” –дейт Азиза Абдурасулова. Укук коргоочулар үй-жайсыз, көчөдө калган адамдарга кам көрүү үчүн мамлекет тарабынан атайын реабилитациялык борборлор ачылууга тийиштигин белгилешүүдө. Буга байланыштуу бүгүн расмий бийлик өкүлдөрүнүн, коомдук уюмдардын жана маалымат каражаттарынын катышуусунда өтүүчү тегерек үстөлдө мына ушул маселе талкууланмакчы.(ZKo)

XS
SM
MD
LG