Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:02

11:20 “Мен ишенбейм..” чарасынын катышуучуларын адвокаты жок түшүнүк кат жазууга мажбурлап жатышат


Акциянын катышуучуларынын бири Мирсулжан Намазалиевдин сөзү боюнча Биринчи Май РИИБнүн кызматкерлери кармалгандарды адвокаттары жок эле түшүнүк кат жаздырып жатышат.
“РИИБнүн жетекчисинин орун басары Талант Шатманов “Жогорку Кеңештин жанында баңзат сатууга аракет кылгандар бар, деген маалымат түшкөн, ошондуктан, текшерүү үчүн алып келдик,” деп айтты. Биз баарыбыз бири-бирибизге этият болгула, чөнтөгүңөргө салып коюшпасын, деп кабарладык,” –дейт Мирсулжан Намазалиев.
“Мен ишенбейм..” акциясына “Жашылдар”, “Атамекен”, “Арнамыс” партиясынын жаш канатынын, жаштардын “Эркин муун”, “Жебе”, “Дилгир” кыймылдарынын мүчөлөрү катышып жатышкан. (ZKo)

XS
SM
MD
LG