Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:19

12:22 К.Бакиев: Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жазгы талаа жумуштарын өткөрүүгө эмитен кам көрүүсү зарыл


Бүгүн Президент Курманбек Бакиев президенттик администрациянын жетекчиси жана өкүлдөрү менен кезектеги жыйынын өткөрдү. Анда К. Бакиев Президент алдындагы Инвестициялык кеңештин үчүнчү чогулушунда кабыл алынган чечимдердин жана сунуштардын ишке ашырылышы керектигине өзгөчө көңүл бөлдү. “Бул маселе боюнча президенттин администрациясы жана өкмөт тыгыз байланышта иштөөсү абзел”, - деп айтты К. Бакиев. Ошондой эле президент жазгы талаа жумуштардын башталаарына аз убакыт калгандыгын белгилеп, бул жаатта жергиликтүү бийлик өкүлдөрү айылдык дыйкандарга ар тараптуу колдоо көрсөтүш керек экендигин билдирди. Бул тууралуу президенттин басма - сөз кызматы кабарлады. (ESu)

XS
SM
MD
LG