Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:12

13:45 Эски аянтта намаз окууга тыюу салуудан мурун бийлик анын себептерин көрсөтүп бериши керек


Мындай пикирин теолог Кадыр Маликов бүгүн маалымат жыйынында билдирди. Анын айтуусунда айт күндөрү эски аянтта намаз окуудан шаар тургундарына ыңгайсыздык түзүлбөйт. “Эски аянтта намаз календарда кызыл менен белгиленген даталарда гана окулат. Ал күндөрү көчөдө транспорт кыймылы деле аз болот. Шаар тургундарына ыңгайсыздыкты жана шаардык бийликке ашыкча түйшүктү аянтка митинг өткөргөн демократттар жаратат,” –дейт теолог. Кадыр Маликов аянтта намаз окууга тыюу салуудан мурун, анын себептери ачык айтылышы керек, деп эсептейт. (ZKo)

XS
SM
MD
LG