Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:58

14:25 Адилет министрлигинин алдында укук коргоочулар пикет өткөрүшүүдө


“Кылым шамы”, “Атуулдук коом коррупцияга каршы”, “Маданият –тынчтык жарыгы” бейөкмөт уюмдарынын өкүлдөрү жана “Мен ишенбейм..” акциясынын айрым катышуучулары ушул тапта . “Биз Конституцияга каршы келген токтомдун алынып салынышын талап кылабыз”, “Тынч чогулуулар жарандардын укугу” деген жазуулары бар плакаттарды кармап, министрликтин алдында турушат. Аларды аскер кызматкерлеринен түзүлгөн күзөт коргонго кое берген жок.
Укук коргоочулар адилет министрлигинин Ысыккөл облустук башкармалыгынын башчысы Болотбек Сопубаевди тынч митинг-пикеттерди чектөө тууралуу Каракол шаардык кеңештин токтомун каттоодон баш тарткандыгы үчүн жума күнкү коллегияда катуу сындаган министр Марат Кайыповду мыйзамга туура келбеген аракети үчүн жооп берүүсүн талап кылышууда. (ZKo)

XS
SM
MD
LG