Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:22

ОРОЗБЕК МОЛДАЛИЕВ: БИЙЛИККЕ КАРШЫ ПРОТЕСТТИН ЖАҢЫ ФОРМАЛАРЫ ЧЫГЫШЫ МҮМКҮН


Өткөн жумада “Асаба” партиясынын төрагасы Азимбек Бекназаров президент Курманбек Бакиевди мөөнөтүнөн мурда кызматтан кетирүү боюнча революциялык комитет түзгөнүн жарыялаган. Жаңы оппозициялык уюмдун түзүлүшү жана анын талаптары боюнча учурда коомчулукта ар кандай пикирлер айтылууда. Саясат тануучу Орозбек Молдалиев “Азаттыктын” таңкы уктурууларында ушул маселелер жөнүндө маектештик.

- Өлкөдөгү азыркыдай саясий шартта ушундай революциялык комитеттин түзүлүшү жана анын койгон талаптары канчалык жөндүү?

- Азимбек Бекназаровдун кыймыл түзүп атканынын бир көңүл бура турган жери - бул өзүнүн аракетин радикалдаштырууга багыт койгондугун жарыялагандыгы болуп атат. Буга чейин оппозициялык уюмдардын бир четинде жүргөн адам эмне үчүн мындай деп атат деген ойго келсек, мунун кандайдыр бир закон ченемдүүлүгү бар болуп атат. Себеби оппозициялык партиялар катуу кысымга алынды, былтыр, быйыл алардын бир топтору саясаттан кетүүгө аргасыз болдук деп жарыялап жатышат, бир топтору унчукпай кетип жатат. Ошол шартта бул эмнеден кабар берет? Бул Азимбек Бекназаровдун кыймылы радикалдаштырылганы дагы эч нерсе эмес, коңшулаш мамлекеттердегидей болуп исламчыл радикалдардын саясий талаага келишине мүмкүнчүлүк түзүлүп атат.

Авторитардык система болобу, же тоталитардык система болобу ачык же жашыруун оппозициясы жок калбайт. Советтер Союзунун убагында деле өзүңүздөр билесиздер, тоталитардык системанын убагында дагы диссиденттер бар болчу. Ошол эле советтик системаны демонтаж кылууну ылдый жактан эмес, өйдө жактан, ошол партиянын берилген адамы баштаганын эстен чыгарбашыбыз керек. Ошон үчүн Кыргызстанда кооптуу кырдаал түзүлүп атат. Оппозицияны жоюп салсак эле тынч, стабилдүү болуп калат деген бул жаңылыштык болуп эсептелет.

- Ушул уюмдун талаптарына бийликтин мамилеси кандай болушу мүмкүн?

- Баягы эле Бакиев кетсин деген талап болуп атат. Бул талапты ишке ашырыш үчүн закондун, Конституциянын чегинде жасаш керек. Бирок Азимбектин айтып атканында да жөн бар, соттор биздин арызыбызды оң чечип бербейт деген жагы бар. Соттордун бардыгы тең бийликтен көз каранды экени белгилүү. Ал жөнүндө далай эле айтылды. Мисалы, бийликке абдан берилген Курманбек Осмонов дагы жакында Жогорку Кеңештин чечими менен кызматынан кетти. Демек бийликке мындан дагы берилген адамдар сот системасына келгени турат. Соттун адилеттүүлүгүнө адамдар мурда эле ишенчү эмес. 24-марттын келип чыккан себеби ошол болгон. Ошон үчүн кырдаалдын ушул жагы дагы кооптондуруп турат. Эми сот системасына элде ишеничи жок болгондон кийин Азимбек Бекназаровду колдогон адамдар чыгышы мүмкүн.

- Сиздин баамыңызда өлкөдөгү коомдук-саясий абал мындан ары кандай өнүгүшү мүмкүн?

- Коомдук-саясий акыбал тынчып калат деп ойлогондордуку туура эмес. Оппозиция болот, бирок протесттердин жаңы формалары болушу мүмкүн. Мурдагыдай эле митинг, демонстрациялар болушу мүмкүн. Бирок илгерки коммунисттик замандай болуп тынчып калат, Россия менен Казакстанда деле тынчып калбадыбы дегендер жаңылышат. Себеби ал жак менен биздин экономикалык акыбалды салыштырууга болбойт. Бизде жумушсуздуктун жана жакырчылыктын деңгээли өтө жогору. Адамдарыбыздын баары жумуш издеп чет мамлекеттерге кетип атат, адамдардын турмушу оор. Ошол шартта бийликке нааразылыктар күчөгөндөн күчөй берет.

- Маегиңизге ырахмат.
XS
SM
MD
LG