Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:13

МОСКВА КЫРГЫЗСТАНДАН ГАЗ ИЗДЕЙТ, КАРЫЗЫН КЕЧПЕЙТ


Өткөн жумада Москвада Евразия экономикалык шериктештигинин жыйыны болду. Ага катышуу учурунда премьер-министр Игорь Чудинов жетектеген делегация орус өкмөт башчысы Виктор Зубков, «Газпромдун» башчысы Алексей Миллер менен жолугуп, сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн. Ал сүйлөшүүлөрдө Кыргызстандагы «Дастан» ишканасынын 37% акциясын тышкы карыздын эсебинен орустарга берүү, «Газпромдун» Жалалабад облусунда газ, мунай кендерин чалгындоо маселелери козголгон.

Өкмөт башчы Игорь Чудиновдун билдирүүсүнө караганда, ал Москвада «Газпромдун» башчысы Алексей Миллер менен жолугушуп, Жалалабад облусундагы «Көгарт» жана «Майлуусуу-4» деген жерлерде газ чалгындоо иштери боюнча сүйлөшүүлөр жүргүздү. Орус тарап март айында геологиялык чалгындоо иштерин баштап, ага 300 миллион доллар каражат бөлөрүн билдирген.

Андан сырткары орус өкмөт башчысы Виктор Зубков менен сүйлөшүүдө Кыргызстандын тышкы карызынын эсебинен «Дастан» акционердик коомунун 37% акциясы орус тарапка сунушталган. Кыргыз тарап 37% акцияны 32-37 миллион доллар деп баалоодо.

Бирок бул сумма менен Кыргызстандын Россияга болгон карызынын аз гана бөлүгү төлөнөт. Бишкектин Москвага карызы өткөн жылдын декабрь айына карай 191 миллион 514 миң долларды түзүп, анын үстөк пайызы жыл сайын 3 миллион долларга жакын суммага көбөйүп турат.

«Дастан» акционердик коомунда кезинде иштеген, учурда Жогорку Кеңештин өнөр жай, соода, туризм, курулуш жана коммуникация боюнча комитетинин башчысы Улукбек Ормонов« Дастандын» 37% акциясын берүү тууралуу өкмөттүн кадамын туура деп эсептейт:

-Россия заводдун стратегиялык өнөктөшү. Эгерде торпедо чыгара турган ишканалар ошол 37% ала турган болсо, анда акцияны кылчаюсуз берсе болот. Анткени Россиясыз азыркы чыгарып жаткан продукциянын келечеги болбойт. Бул долбоорлоо иштери, алдыңкы технологияга байланыштуу.

Ормоновдун пикиринде, Россия Африка өлкөлөрүнө миллиарддаган карыздарын кечүүдө. Кыргызстандын да тышкы карызын кечип, ал эми «Дастандын» акциясын сатып алса максатка ылайыктуу болот эле.
Ормоновдун маалыматы боюнча «Дастандын» калган 63% акциясы мурда 2.5 миңдей жумушчунун колунда болгон. Акыркы кезде аны бир-эки фирма кымбат баада сатып алган. Орус тарап 37% акцияны кыргыз өкмөтүнөн алса, анда 63% акциясы бар фирмалар менен заводду башкаруу боюнча сүйлөшүүгө барат.

«Кыргызстан нефтьтрейдерлер» бирикмесинин башчысы Базарбай Мамбетов «Газпромдун» Кыргызстанда чалгындоо иштерин жүргүзүү аракетин кубаттады:

- Россиянын «Газпром» компаниясы чалгындоо иштери үчүн 300 миллион доллар бөлүптүр. Бул жакшы. Ошол «Көгарт», «Майлуусуу-4» деген кен чыккан жерлердин келечеги бар. Эгерде быйыл март айында чалгындоо башталып, газ менен нефть табылса, анда ал кендерди «Газпромго» берип, жердин алдынан кен чыгарып иштеткенге мүмкүнчүлүк алабыз. Бул да жакшы.

Базарбай Мамбетовдун пикиринде, Кыргызстан натыйжалуу иштей албай жаткан «Кыргызгаз»,
«Кыргызнефтигаз» сыяктуу ишканаларды мурда эле «Газпромго» менчиктештирүүгө бериш керек эле.

Улукбек Ормонов да газ издөө иштерин толук колдоого алыш керектигин айтып, ал эми кен табылса ал кандай бөлүштүрүлүш керек деген суроого минтип жооп берди:

-Эгерде биз газды таап, чыгарып алсак Кыргызстан келечеги үчүн чоң жакшы иштердин бири болмок. Биз азыр буга ойлонбостон туруп макулдук берип, чалгындоо иштерин жүргүзүш керек. Кен табылгандан кийин сүйлөшүүлөрдү жүргүзүш зарыл. Азырынча табыла элек нерсеге бирдемке деш кыйын Бирок тапсаңар силерге беребиз деп убада бербеш керек. Табылгандан кийин отуруп сүйлөшүү керек.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG