Ушул тапта Токтогул суу сактагычында 9 млрддан ашуун куб суу бар. Бул өткөн жылкыдан 4 млрдга аз. Өкмөт башчысы Игорь Чудиновдун президент Курманбек Бакиевге билдиргени боюнча суунун азайышына эң биринчи кезекте аба ырайынын таасири бир. Катуу сууктун кесепетинен улам электр энергиясын пайдалануу кескин көбөйүп, суунун азайуусуна алып келген. Өкмөт башчы абал көзөмөлдө тургандыгын, электр энергиясы кыргызстандыктарга үзгүлтүксүз берилерин кошумчалады, деп кабарлады президенттин маалымат кызматы. (ZKo)